Жаңылыктар
“Манас” улуттук академиясынын бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө
11.12.25Эсептөө палатасы “Манас” улуттук академиясынын 2022-2024-жылдар аралыгына карата бюджетинин аткарылышына шайкештик аудит жүргүздү. Текшерүүдө социалдык жана салыктык төлөмдөрдү эсепке алуу, сатып алууларды пландаштыруу жана жүргүзүү, автотранспортту пайдалануу, ошондой эле мурдагы жылдардан калган эсептешүүлөр боюнча айрым тартип бузуулар аныкталды.
Аудит мамлекеттик сатып алууларда мыйзам талаптары толук сакталбаган учурларды, транспорт каражаттарына байланышкан ашыкча чыгымдарды жана айрым келишимдердин аткарылышында так эместиктер бар экенин көрсөттү.
Эсептөө палатасы мекемеге каржы тартибин чыңдоо жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү сунуштарды берди.



Эсептөө палатасы спирт өндүрүү тармагындагы эки мекемеде жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктарын карады
21.11.25Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги отурумунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттигинде бюджеттин аткарылышына жана “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын ишине жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктарын карады. Аудиттер 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилди камтыды.
Эсептөө палатасынын Кеңеши Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттикте бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгын талкуулады. Аудит Агенттиктин ишинде бир катар уюштуруучулук жана эсептик кемчиликтерди аныктады. Агенттик тарабынан алынган мыйзамсыз спирт ичимдиктер жана алардын калдыктары, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген материалдар жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү эсеби так жүргүзүлбөгөндүгү аныкталган.
Айыптык санкциялар боюнча материалдарды Соттук аткаруу кызматынын бөлүмдөрүнө өз убагында өткөрүүдө жана өндүрүүдө кечигүүлөр катталды. Мындан тышкары, 2023-жыл үчүн мамлекеттик сатып алуулар планы бекитилбей калган жана иш сапар чыгымдарын тастыктоочу документтери толук эмес болгон учурлар аныкталды. Аудиттин жыйынтыктары боюнча Эсептөө палатасы тиешелүү сунуштарды берип, белгиленген кемчиликтерди жоюу үчүн чараларды көрүүнү тапшырды.
“Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасындагы аудиттин жүрүшүндө эмгек келишимдер, эмгек акы төлөө тартибине жана кызматкерлердин милдеттерин аныктоого байланышкан бир катар маселелер белгиленди. Айрым кызматкерлер менен түзүлгөн келишимдерде функциялар так көрсөтүлбөгөн, эмгек акынын өлчөмдөрү үчүн бирдиктүү аныктоочу тартип иштелбегени аныкталды. Сый акылар негизинен кесиптик жана майрамдык күндөргө карата төлөнгөн. Зыяндуу шарттар үчүн кошумча төлөмдөр, жумуш орундарын аттестациялоо жүргүзүлбөстөн эсептелип төлөнгөн. Сатып алууларда белгиленген талаптар толук сакталбагандыгы, сатып алуулардын планы өз убагында бекитилбегендиги жана рынокко талдоо жүргүзүлбөгөндүгү аудит тарабынан белгиленди. Бухгалтердик эсепке байланыштуу айрым баштапкы документтер тактап айтканда, автотранспорт каражаттарынын запастык бөлүктөрүнө байланыштуу дефектүү жана орнотуу актылары түзүлгөн эмес. Эсептөө палатасы Ишканага тартиптерди иштеп чыгуу, ички контролду бекемдөө жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды берди.







