- Подробности
- Просмотров: 9158
(КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)
(КР 2017-жылдын 17-июнундагы N 106, 2018-жылдын 18-июлундагы N 69, 2020-жылдын 23-мартындагы N 29, 2020-жылдын 18-апрелиндеги N 44, 2020-жылдын 13-майындагы N 54, 2020-жылдын 12-августундагы N 124, 2021-жылдын 13-сентябрындагы N 118, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 18-январындагы N 2, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 24-майындагы N 35, 2022-жылдын 30-июнундагы N 51, 2022-жылдын 1-декабрындагы N 114, 2023-жылдын 3-апрелиндеги N 78, 2023-жылдын 9-августундагы N 171, 2024-жылдын 22-апрелиндеги N 78, 2024-жылдын 29-июлундагы N 152, 2024-жылдын 7-августундагы N 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Негизги түшүнүктөр жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин укуктук негиздери
II БӨЛҮК. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БЮДЖЕТТИК ТУТУМУ
2-глава. Жалпы жоболор
3-глава. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутуму
III БӨЛҮМ. РЕСПУБЛИКАЛЫК ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТЕРДИН ТҮЗҮМҮ
4-глава. Бюджеттердин түзүмү
IV БӨЛҮМ. БЮДЖЕТТИК ИНВЕСТИЦИЯЛАР
5-глава. Бюджеттик инвестициялар
V БӨЛҮМ. СОЦИАЛДЫК ФОНДДУН ЖАНА МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ФОНДУНУН БЮДЖЕТТЕРИНИН ТҮЗҮМҮ
6-глава. Социалдык фондунун бюджетинин түзүмү
7-глава. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун түзүмү
VI БӨЛҮМ. БЮДЖЕТ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР
8-глава. Бюджет аралык мамилелердин жалпы жоболору жана принциптери
9-глава. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кирешелерди бөлүштүрүү
10-глава. Өкмөт менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда чыгаша милдеттенмелеринин бөлүнүшү
11-глава. Бюджет аралык жөнгө салуу аспаптары
12-глава. Бюджеттик ссудалар
VII БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КАРЫЗ
13-глава Өкмөт тарабынан карызга алуу
14-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан карызга алуу
VIII БӨЛҮМ. БЮДЖЕТТИК ПРОЦЕССТИН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ
15-глава. Мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары
16-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
IX БӨЛҮМ. БЮДЖЕТТИК ПРОЦЕСС
17-глава. Бюджеттик процесстин негиздери
18-глава. Фискалдык саясаттын негизги багыттары жана аймактарды өнүктүрүү программалары
19-глава. Бюджеттер долбоорлорун түзүү
20-глава. Бюджеттерди кароо жана бекитүү
21-глава. Бюджеттерди аткаруу
22-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
23-глава. Мамлекеттик ички каржылык контроль жана аудит
24-глава. Бюджеттин жана бюджеттик процесстин айкындуулугу жана ачыктыгы
25-глава. Каржылык тартип бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
X БӨЛҮМ. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
26-глава. Корутунду жоболор
Ушул Кодекс республикалык, жергиликтүү бюджеттерди, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттерин (мындан ары - Социалдык фонд), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин (мындан ары - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду) түзүү, кароо, бекитүү, тактоо жана аткаруу процессинде мамлекеттик каржыларды башкаруу чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салуунун негиздерин белгилейт, бюджеттик процесстин катышуучуларынын статусун белгилейт, бюджеттик мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин укуктук негизин аныктайт.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы N 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Негизги түшүнүктөр жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин укуктук негиздери
1-берене. Бюджеттик укуктук мамилелер
Бюджеттик укуктук мамилелерге төмөнкүлөр кирет:
1) бюджеттердин кирешелерин түзүү жана чыгашаларды жүзөгө ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык карызга алууларды жүзөгө ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык карызды жөнгө салуу процессинде келип чыгуучу мамилелер;
2) бюджеттердин долбоорлорун түзүү жана кароо, бюджеттерди бекитүү, тактоо жана бюджеттерди аткаруу, алардын аткарылышын контролдоо, эсепке алууну жүргүзүү, бюджеттик отчеттуулукту түзүү, кароо жана бюджеттик отчеттуулукту бекитүү процессинде бюджеттик процесстин катышуучуларынын ортосунда келип чыгуучу мамилелер.
2-берене. Ушул Кодексте пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
1. Ушул Кодексте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) бюджет ресурстарынын администратору - салыктык кирешелерди, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан белгиленген тартипте алынуучу бажы төлөмдөрүн, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин салыктык эмес кирешелерин (ресурстарын) чегерүү, жыйноо, эсепке алуу жана туура эсептелишин, толук жана өз убагында төлөнүшүн контролдоо боюнча бир же жыйынды иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле анын түзүмдүк, ведомстволук караштуулуктагы бөлүмдөрү;
2) активдер - өткөн мезгилдердеги операциялардын натыйжаларында мамлекеттик, муниципалдык менчикке алынган, баалуулук наркына ээ болгон мүлктүк жана мүлктүк эмес жыргалчылыктар жана укуктар;
3) бюджет - мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдеттерин жана иш-милдеттерин каржылык камсыз кылуу үчүн арналган акча каражаттарын түзүүнүн жана чыгашалоонун таризи;
4) (КР 2022-жылдын 18-январындагы N 2 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) бюджеттик тутум - бюджеттик процессти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө келип чыгуучу укуктун ченемдери менен регламенттелүүчү мамилелердин тутуму, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикалык мамилелерине жана мамлекеттик түзүлүшүнө негизделген республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин жана Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин жыйындысы;
6) бюджеттик смета - бюджеттик мекеменин кирешелеринин жана чыгашаларынын көлөмүн квартал боюнча бөлүштүрүү менен бюджеттик классификацияга ылайык аныктоочу документ;
7) бюджеттик милдеттенме - бюджеттик каражаттарды алуучунун бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыларга, келишимге же макулдашууга ылайык белгилүү милдеттерди аткарууну камсыз кылуу милдеттенмеси;
8) бюджеттик мекеме - бул иши тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу, башкаруучулук, социалдык-маданий, илимий-техникалык же коммерциялык эмес мүнөздөгү башка иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан түзүлгөн мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же мекеме;
9) бюджеттик ассигнованиелер - тиешелүү жылга анын бөлүштүрүлүшүнө ылайык бюджеттик милдеттенмелерди аткаруу үчүн бюджет менен каралган акча каражаттары;
10) бюджеттик насыя - кайтарып берүү, мөөнөттүүлүк жана акы төлөөчүлүк шарттарында бюджеттик каражаттарды алуучуга республикалык бюджеттен жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилүүчү акча каражаттары;
11) бюджеттик процесс - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен регламенттелген бюджеттердин долбоорлорун түзүү жана кароо, бюджеттерди бекитүү, тактоо жана аткаруу, эсеп алууну жүргүзүү жана отчеттуулукту түзүү, каржылык башкаруу жана контролдоо боюнча иш;
12) бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү - бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актылар менен аныкталган, бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүчүлөр менен алуучулардын ортосунда бюджеттик ассигнованиелерди бөлүштүрүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
13) мамлекеттик кепилдик - Министрлер Кабинети зайымчы милдеттенмелерди белгиленген мөөнөттө аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда насыя берүүчүлөрдүн алдында карызды толугу менен же жарым-жартылай тындырууга милдеттенген жазуу жүзүндөгү милдеттенме;
14) мамлекеттик (муниципалдык) баалуу кагаздар - Министрлер Кабинетинин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын) атынан бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы) тарабынан эмитенттелүүчү баалуу кагаздар;
15) мамлекеттик каржы - экономикалык мамилелердин жыйындысы, өз органдарын күтүү жана өзүнө тиешелүү иш-милдеттерди аткаруу үчүн мамлекетке зарыл болгон акча фонддорун түзүүнүн жана бөлүштүрүүнүн тутуму;
16) мамлекеттик тышкы карыз - Кыргыз Республикасынын белгилүү бир датага Кыргыз Республикасынын насыя берүүчүлөрүнүн-резидент эместеринин алдындагы өздөштүрүлгөн жана тындырылбаган мамлекеттик тышкы зайымдарынын же башка карыздык милдеттенмелеринин суммасы болгон мамлекеттик карыздын курамдык бөлүгү;
17) мамлекеттик тышкы зайым - аларда Кыргыз Республикасынын резиденти эмеси насыячы болуп чыккан, ал эми Кыргыз Республикасынын атынан Министрлер Кабинети зайымчы болуп чыккан насыялык макулдашуу боюнча же башка карыздык милдеттенмелер боюнча мамилелер;
18) мамлекеттик ички карыз - Кыргыз Республикасынын белгилүү бир датага Кыргыз Республикасынын насыя берүүчүлөрүнүн-резиденттеринин алдындагы өздөштүрүлгөн жана тындырылбаган ички зайымдарынын же башка карыздык милдеттенмелеринин суммасы болгон мамлекеттик карыздын курамдык бөлүгү;
19) мамлекеттик ички зайым - аларда Кыргыз Республикасынын резиденти насыячы болуп чыккан, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын атынан Министрлер Кабинети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары зайымчы болуп чыккан насыялык макулдашуу боюнча же башка карыздык милдеттенмелер боюнча мамилелер;
20) мамлекеттик карыз - мамлекеттин насыялык макулдашуусу боюнча же башка карыздык милдеттенмелери боюнча белгилүү бир датага Кыргыз Республикасынын өздөштүрүлгөн жана тындырылбаган ички жана тышкы мамлекеттик карызынын жалпы суммасы;
21) грант - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик уюмдарына донорлор тарабынан берилүүчү акысыз каржылык же техникалык жардам, ошондой эле республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге акысыз жана кайтарымсыз берилген акча каражаттары (трансферттер);
22) депозиттик суммалар - бюджеттик каражаттарды башка тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) убактылуу тескөөсүнө келип түшүүчү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган шарттар келгенде ал каражаттарды берген субъекттерге кайтарып берилүүгө же арналышы боюнча өткөрүп берүүгө жаткан каражаттар;
23) карыздык милдеттенме - баалуу кагаздар, насыялык макулдашуулар, насыялык келишимдер, келишүүлөр жана башка милдеттенмелер боюнча кагаз түрүндө жана/же электрондук түрдөгү жазуудагы белгилүү бир акча каражаттарын карызга алуунун же болбосо тиешелүү суммаларды же келишимде айтылган товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү толугу менен же жарым-жартылай ордун толтуруу милдеттенмеси менен товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу фактысын белгилөөчү милдеттенмелердин бардык түрлөрү;
24) жергиликтүү бюджеттин кирешелик дарамети - экономикалык өнүгүүнүн деңгээлине, экономиканын түзүмүнө, ошондой эле салыктык базага негизденип, алынышы мүмкүн болгон жергиликтүү бюджеттердин кирешелерине баа берүү;
25) зайым - белгилүү бир шарттарда Кыргыз Республикасынын резиденттерине насыялык макулдашуунун негизинде ички же чет өлкөлүк насыя берүүчүлөр тарабынан карызга берилүүчү акча каражаттары, материалдык баалуулуктар, кызмат көрсөтүүлөр;
26) карызга алуу - зайым каражаттарын тартуунун зарылдыгы жөнүндө чечимди кабыл алуу; зайымды тартуунун, пайдалануунун, тындыруунун жана тейлөөнүн тартибин жана шарттарын аныктоо жол-жоболорун; сүйлөшүүлөрдүн; милдеттенмелерди аткаруунун кепилдиктеринин; зайым боюнча тиешелүү документтерди жол-жоболоштуруунун жана кол коюунун; зайым келишимин ратификациялоонун (мамлекеттик тышкы карызга алууда); зайым каражаттарын алуунун, пайдалануунун; тараптардын милдеттенмелерди аткаруусун эсепке алууну, контролдоону жана талдоону кошуп алганда, зайымды тындыруунун жана тейлөөнүн жол-жобосун өзүнө камтыган процесс;
27) корголгон беренелер - биринчи кезектеги тартипте каржылоого сунуш кылынган жана кыскартылууга жатпаган чыгашалардын экономикалык классификациясынын беренелери: эмгек акы, Социалдык фондго төгүмдөр, медикаменттерди жана жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга, тамак-аш азыктарын сатып алууга, социалдык камсыз кылуу боюнча жөлөкпулдарга, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар;
28) чет өлкөлүк насыя берүүчүлөр - макулдашуулар же башка карыздык милдеттенмелер боюнча каражаттарды берүүчү Кыргыз Республикасынын резиденти эместер;
29) контролдук цифралар - алардын негизинде бюджеттик мекемелердин чыгашаларын түзүү жүзөгө ашырылган бюджеттик каражаттарынын жогорку чегинин көрсөткүчү;
30) насыялык макулдашуу - акча каражаттары, материалдык баалуулуктар, кызмат көрсөтүүлөр таризинде зайым алуу максатында түзүлгөн жана аларды кайтарып берүү, пайыздарды жана башка сарптоолорду төлөө боюнча шарттарды камтыган зайымчы менен насыячынын ортосундагы келишим болуп саналган юридикалык документ;
31) бюджеттик милдеттенмелердин лимити - алуучу тарабынан бюджеттик милдеттенмелерди аткаруу үчүн бюджеттик каражаттардын чектик ченеми;
32) эл аралык келишим - Кыргыз Республикасынын бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъекттери менен эл аралык мамилелер жаатындагы укуктарга жана милдеттенмелерге карата тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашуусу;
33) резидент эмес - Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жери же туруктуу жашаган орду бар, чет өлкөлүк мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык катталган жана түзүлгөн юридикалык же жеке жак;
34) каржылык эмес активдер - бул мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдалануусунда жана карамагында болгон, аларды пайдалануунун же сактоонун натыйжасында аларга реалдуу же болбосо потенциалдуу экономикалык пайдаларды белгилүү мезгилдин ичинде алып келүүчү объекттер;
35) расмий трансферттер - ыктыярдуу мүнөздөгү, мамлекеттик башкаруунун башка органдарынан (резиденттерден жана резидент эместерден) же эл аралык уюмдардан алынган акысыз, кайтарып берүүсүз түшүүлөр;
36) кезектеги бюджеттик жыл - учурдагы бюджеттик жылдан кийинки жыл;
37) бюджеттик каражаттарды алуучу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, тиешелүү органдын чечиминин же келишимдин негизинде бюджеттик каражаттарды алууга укуктуу жана аларды пайдалануу жана эсепке алуу үчүн жооптуу бюджеттик же башка мекеме;
38) пландуу мезгил - кезектеги бюджеттик жылдан кийинки эки жыл;
38-1) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүсүнүн болжолу - максаттуу багыттарды жана болжолдонуучу негизги көрсөткүчтөрдү көрсөтүү менен келерки мезгилге Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн багыттары, критерийлери, принциптери, максаттары жана артыкчылыктары жөнүндө илимий негизделген түшүнүктөрдүн тутуму;
39) бюджеттик каражаттарды тескөөчү - бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсүнүн карамагында болгон, бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсүнөн бюджеттик ассигнованиелерди алуучу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же мекеме;
40) мамлекеттик башкаруу сектору - бул тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржылануучу мамлекеттик органдардын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын караштуулугундагы уюмдардын, мекемелердин жыйындысы;
40-1) Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоо тутуму - орто мөөнөттүү (3 жылдан 5 жылга чейин), узак мөөнөттүү (10 жыл жана андан көп) мезгилдерге өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуучу принциптерден, документтерден, процесстерден жана мамлекеттик болжолдоонун катышуучуларынан турган өз ара байланышкан элементтердин жыйындысы;
41) Кыргыз Республикасынын фискалдык жана инвестициялык саясаты боюнча Министрлер Кабинетинин кеңеши (мындан ары - Министрлер Кабинетинин кеңеш) - Кыргыз Республикасынын фискалдык жана инвестициялык саясатынын негизги багыттарын, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин долбоорун жана аларды секвестрлөөнү кароо, бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн бюджеттик көрсөткүчтөрү жана аларды түзүүдө пикир келишпестиктер боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алуу үчүн Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн коллегиялык орган;
42) учурдагы бюджеттик жыл - кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджеттин аткарылышы, бюджеттин долбоорун түзүү жана кароо жүзөгө ашырылган жыл;
43) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - бюджеттик жана каржылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну, координациялык жөнгө салууну жана аткаруучулук иш-милдеттерди аткарууну жүзөгө ашырууга Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
44) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - экономикалык өнүктүрүү жана салык чөйрөсү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жүзөгө ашырууга Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
45) бекитилген бюджеттер - киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, Жогорку Кеңеш же жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынган тиешелүү бюджеттер;
46) такталган бюджеттер - киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынган тиешелүү бюджеттер;
47) каржылык активдер - бул алардын ээлерине башка институционалдык бирдиктерден контрактта (келишимде) каралган шарттарга жана жоболорго ылайык бир же бир нече төлөмдөрдү алууга укук берген активдер;
48) фискалдык саясат - бул мамлекеттик каржыларды башкаруу жана жөнгө салуу боюнча бюджеттик-салыктык саясат.
2. Ушул беренеде көрсөтүлбөгөн Кыргыз Республикасынын бюджет мыйзамдарынын башка терминдери жана түшүнүктөрү ушул Кодекстин тиешелүү беренелеринде аныкталуучу маанилерде пайдаланылат. Эгерде ушул Кодексте башка каралбаса, ушул Кодексте пайдаланылуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка тармактарынын терминдери жана түшүнүктөрү мыйзамдардын бул тармактарында кандай мааниде пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат.
(КР 2018-жылдын 18-июлундагы N 69, 2022-жылдын 18-январындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)