- Подробности
- Просмотров: 7779
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын бош административдик мамлкекеттик жарандык кызмат орундарына катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу зарыл:
1) жеке арызы (үлгү боюнча);
2) сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу баракчасы (үлгү боюнча);
3) өмүр баяны (үлгү боюнча);
4) паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин түп нускасы аңгемелешүүдө көрсөтүлөт);
5) зарыл болгон кесиптик билимин ырастаган документтердин, эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
6) В2 же С1 деңгээлинде кыргыз тилин билүү жөнүндө сертификаттын нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
7) берилген күндөн тартып үч айдын ичинде колдонуу мөөнөтү менен соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.
*Конкурстук тандоого катышууну каалаган жарандар көктөмөгө тигилген документтерин берет.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар ачык конкурска катыша алышпайт.