Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2024-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмдүн Коллегиясында 2021-2022-жылдарга карата Талас областынын Айтматов районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттин отчету каралган.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 10 млн 094,1 сом каржылык бузуулар аныкталган, анын ичинде:  

  • айыл өкмөттөрдүн бюджеттерин түзүүдө, киреше бөлүктөрү 3 млн 645,0 сомго негизсиз төмөндөтүлгөн, бул айыл өкмөттөрдүн бюджетинин жоготуусу болуп эсептелет;
  • Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгүн бузуу менен, бош кызмат орундарына кадрлардын резервинде турбаган  кызматкерлер кабыл алынган, аларга негизсиз бардыгы 2 млн 709,5 сом эмгек акы төлөнгөн, анын ичинде Социалдык фондго төлөмдөр 369,0 миң сомду түзгөн;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бузуу менен, аудит мезгилинде штаттан тышкаркы бирдиктер киргизилген, аларга 168,8 миң сом негизсиз төлөнгөн, анын ичинде Социалдык фондго чегерүүлөр 24,8 миң сомду түзгөн;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы № 278 токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бузуу менен,  Социалдык фондго чегерүүлөр 50,8 миң сомго аз жүргүзүлгөн;
  • аткарылган курулуш-монтаждоо жана оңдоо иштерине жүргүзүлгөн аудитте подрядчылар тарабынан иштердин наркынын 318,6 миң сомго жогорулатылгандыгы аныкталган;
  • Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 10-беренесин бузуу менен, конкурс өткөрүлбөстөн, конкурстук документтерди электрондук веб-порталга жайгаштырбастан, акча каражаттарын эсепке берүү жолу менен 165,0 миң сом суммасында товардык-материалдык баалуулуктар сатылып алынган;
  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 48-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесин бузуу менен, жайыт комитети тарабынан жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн, алынган акылардын 1/3 бөлүгү 501,7 миң сом жергиликтүү бюджеттердин  кирешесине түшкөн эмес;
  • электр энергиясын бекитилген ченемден ашыкча 195,5 миң сом суммасына жүргүзүлгөн;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Нускаманы бузуу менен, 2 млн 339,2 сомго товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастары жана эсептөөдөгү каражаттардын калдыктары эсептелген.

Айтматов районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине жана уюмдарына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлгөн.