Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан, Нарын областынын  Нарын шаарында  2021-2022-жылдар аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн.                                                                                            

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча – 5 млн 237,1 миң сомдук бузуулар аныкталган, анын ичинен:

  •  Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджеттерине которулбаган каражаттар  – 333,1 миң сом;
  •  капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар” – 413,6 миң сом;
  •  мүлктү сактоонун камсыздалбашы  – 3314,6 миң сом;
  •  мүлктү пайдалануудагы бузуулар – 48,0 мин сом;
  •  мүлктү пайдалануудагы жана башка бузуулар – 356,0 мин сом;
  •  бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуу – 771,8 миң сом.

Мындан тышкары 1 (бир) жол жоболук бузуулар аныкталган.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Нарын шаардык мэриясына, шаардык Кеңештин төрагасына - Отчет; аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканаларга аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар, сунуштар жөнөтүлгөн.

Нарын шаардык муниципиалдык транспорттук ишканасындагы 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн аудиттин алкагында жетпей калган 106,6 миң сом акча каражаты боюнча жана 1950,0 миң сомдук эвакуатор боюнча материалдар КР УКМКнын Нарын областык башкармалыгына укуктук баа берүү үчүн жиберилди.