Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди улустун улуу күнү – Нооруз майрамы менен куттуктайм!
Эзелтен ата-бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул касиеттүү  күндү өзгөчө белгилеп  жаркын маанай менен тосуп, жаңы жыл катары кабыл алып келген. Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс салтыбызды байытып, улантуубуз абзел.
Эң негизгиси касиеттүү жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак, биримдик болсун,  “Жакшы тилек - жарым ырыс”  дегендей, ар бирибиздин жүрѳгүбүздѳ ыйман, жүзүбүздѳн жылмаюу кетпесин. Элибизде токчулук, молчулук болуп, үй-бүлѳбүздө бакыт-таалай, иштерибизди ийгиликтер коштосун! 
Урматтуу мекендештер, дагы бир ирет Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Кыргызстаныбыз мындан ары да гүлдөп-өсүшүн каалайм!


Урматоо менен,
Эсептөө палатасынын төрагасы
Алмазбек Акматов