- Подробности
- Published: 2024 11-июну
- Просмотров: 285
Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн МТ боюнча аналитиги (Б-Б) - 1 бирдик.
Жогорку кесиптик билим: информациялык технологиялар тармагында төмөнкү багыттар боюнча: компьютердик технологиялар жана информациялык технологиялар; автоматташтыруу жана башкаруу (окуу профили: технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу, инновация); экономика жана менежмент (билим профили: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруудагы маалыматтык технологиялар).
Иш стажы жана тажрыйбасы: 5 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы бар.
Кыргыз Республикасынын жараны.
Кесиптик компетенциялары:
1) Төмөнкүлөрдү билүү (Знания):
Кыргыз Республикасынын Конституциясын; "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: "Коррупциянын алдын алуу жөнүндө"; "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө"; "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө"; "Электрондук башкаруу жөнүндө"; "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө"; "Электрондук колтамга жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-ж. 30-октябрындагы № 526 токтому менен бекитилген "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын регламентин; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этика кодексин;
мамлекеттик тилди В2 деңгээлинен төмөн эмес; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди; чет тилди (билгени абзел).
2) Билгичтиги (Умения):
компьютердик программаларды иштеп чыгууну, орнотуу/ ишке ашырууну; иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; Эсептөө палатасынын иш процессиндеги көйгөйлөрдү талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; тармактык протоколдордун иштөө принциптерин жана компьютердик тармактарды курууну ишенимдүү билүү; сервердик программалык камсыздоонун ар кандай версияларынын иштешин ишенимдүү билүү; MS Active Directory - колдонуучуларды киргизүү, жумушчу станцияларды борборлоштурулган башкарууну билүү; скрипттерди окуу жана жазууну билүү; VMWare\KVM виртуалдаштыруу системаларын билүү; маалыматтарды камдык көчүрмө сактоо принциптерин жана тутумдарын билүү.
3) Көндүмдөрү (Навыки):
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө; маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү ("ТОКТОМ Мамлекет Про" маалыматтык-укуктук система, ПО "1С", "Инфодокс" иш кагаздарын электрондук жүргүзүү система); серверлерди жана жумушчу станцияларды системалык жана адистештирилген программалык камсыздоону (программалык камсыздоо) башкаруу; Автоматташтырылган системалардын программалык комплекстеринин, системалык жана прикладдык программалардын ишин камсыз кылуу; маалыматтык технологиялардын, жеке ЭЭМ, тармактык жабдуулардын жана перифериялык түзүлүштөрдүн иштешин камсыздоо; локалдуу эсептөө тармагынын түзүмүн иштеп чыгуу жана администрациялоо; электрондук байланыш кызматтарын башкаруу жана интернет ресурстарына жетүүнү камсыз кылуу; структураланган Кабелдик системаны (АКК) башкаруу жана өнүктүрүү; программалык аппараттык комплестердин үзгүлтүксүз иштеши жана өнүгүшү үчүн зарыл болгон жабдуулар менен камсыздоо; эсептөө тармактарын өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын иштеп чыгуу, жогорку өткөрүү жөндөмдүүлүгү менен ишенимдүү байланыш каналдарын жолго коюу, жабдууларды жана программалык каражаттарды сатып алуу; жабдуулардын техникалык абалына Мониторинг жүргүзүү, иштебей турган же эскирген жабдууларды өз убагында алмаштырууну камсыз кылуу; аппараттык комплексти өнүктүрүү маселелерин техникалык жактан иштеп чыгуу; вирустардан коргоо технологияларын иштеп чыгуу, эсепке алуу жана колдонуу; электрондук почта даректерин бөлүп көрсөтүү жана колдонуучулар үчүн почта ящиктерин уюштуруу; колдонуучулардын Интернетке кирүү каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана башкаруу.
3) Көндүмдөрү (Навыки):
электрондук почта даректерин бөлүп көрсөтүү жана колдонуучулар үчүн почта ящиктерин уюштуруу; колдонуучулардын Интернетке кирүү каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана башкаруу.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн курулуш боюнча мамлекеттик инспектору (Б-Б) – 1 бирдик
Жогорку кесиптик билим: инженердик-курулуш чөйрөсүндө.
Иш стажы жана тажрыйбасы: 5 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы бар.
Кыргыз Республикасынын жараны.
Кесиптик компетенциялары:
1) Төмөнкүлөрдү билүү (Знания):
Кыргыз Республикасынын Конституциясын; "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө"" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө"; "Республикалык бюджет жөнүндө (тиешелүү жылга карата)"; "Коррупциянын алдын алуу жөнүндө""; ""Шаар куруу жана архитектура жөнүндө""; ""Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө""; ""Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө""; ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө""; ""Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө""; ""Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө""; ""Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө""; бюджеттик, атайын жана башка каражаттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын регламентин; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этика кодексин;
мамлекеттик тилди В2 деңгээлинен төмөн эмес; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди; чет тилди (билгени абзел).
2) Билгичтиги (Умения):
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; эксперттик-аналитикалык иш чараларды жүргүзүү процессиндеги көйгөйлөрдү талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3) Көндүмдөрү (Навыки):
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө; маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, Excel, "ТОКТОМ Мамлекет Про" маалыматтык-укуктук система, ПО "1С", "Инфодокс" иш кагаздарын электрондук жүргүзүү система).