Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Бүгүн, 19-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету каралууда.

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 124-беренесине ылайык, Эсептөө палатасы тарабынан жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына аудит эки жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.

Отчеттук жылы Эсептөө палатасы тарабынан 24 шаардын мэриясынын жана 384 айыл өкмөтүнүн бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүлгөн. 

24 шаардын бюджеттеринин (анын ичинен: республикалык маанидеги 2 шаар – Бишкек жана Ош; областтык маанидеги 8 шаар – Нарын, Токмок, Талас, Баткен, Жалал-Абад, Таш-Кумыр, Кант, Кара-Балта) түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттер тарабынан калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 1,8 млрд сом суммасындагы финансылык тартип бузуулары, 4,3 млрд сом суммасындагы резервдер жана жоготуулар аныкталган.

Айыл өкмөттөрүнө жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча аныкталган калыбына келтирилүүгө тийиш болгон, финансылык тартип бузууларынын жалпы суммасы – 1,3 млрд сом, анын ичинен калыбына келтирилгени – 1,0 млрд сом, бул калыбына келтирилүүгө тийиш болгон суммадан 82,0 пайызын түзөт. Аныкталган резервдер жана жоготуулардын жалпы суммасы – 406,4 млн сом.