Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Бүгүн, 19-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету каралууда.

Отчёттук жылы аудит субъектилери тарабынан Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштамаларын аткаруу менен, 87 кызматтагы адамдар тартип жоопкерчилигине тартылган, андан тышкары 31 кызматтагы адам ээлеген кызматынан бошотулган.

Жыл ичинде тиешелүү кароо үчүн, Эсептөө палатасы тарабынан укук коргоо органдарына аудиттин 3,6 млрд сом суммасындагы 107 материалы жөнөтүлгөн.

Анын ичинен:

  • прокуратура органдарына – 2,1 млрд сомго аудиттин 74 материалы;
  • улуттук коопсуздук органдарына – 1,2 млрд сомго аудиттин 29 материалы;
  • ички иштер органдарына – 327 млн сомго аудиттин 4 материалы жөнөтүлгөн.

Укук коргоо органдары тарабынан кароонун жыйынтыгы менен, аудиттин 28 материалы боюнча жазык иши козголгон, анын ичинен:

  • 6 жазык иши сотко жөнөтүлгөн;
  • 12 жазык иши токтотулган;
  • 3 жазык иши боюнча өндүрүш иши убактылуу токтотулуп турат;
  • 7 жазык иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат

Мындан сырткары, аудиттин 18 материалы боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Аудиттин 11 материалы боюнча прокурордук көңүл буруу актысы чыгарылган, анын жыйынтыктары боюнча келтирилген зыяндын суммасы ордуна коюлган. Ошондой эле, 18 кызматтагы адам тартип жоопкерчилигине тартылган.  Аудиттин 5 материалы боюнча прокуратура органдары тарабынан бузуу фактылары аныкталбаган катары тиешелүү маалым каттар түзүлгөн, ал эми аудиттин 3 материалы ведомствого караштуулугу боюнча кароо үчүн, башка укук коргоо органдарына кайрадан жөнөтүлгөн. Аудиттин 1 материалы боюнча улуттук коопсуздук органдары тарабынан жазык иши козголбостон туруп, бузуу фактылары четтетилген. Калган материалдар укук коргоо органдары тарабынан кароо баскычында турат.