Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Бүгүн, 2024-жылдын 4-июлунда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда аудитор В.А. Садовников тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 2022-жылга карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудит жөнүндө Отчет берилди.

Жыйынга министрликтин жана анын бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Кеңештин мүчөлөрү баяндамаларды угушту жана берилген маалыматтарды талкуулашып, айрым сунуштарын киргизишти жана отчетту бекитишти. Аудиттин жыйынтыгы андан ары ал боюнча иш жүргүзүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.

Бул отчеттор мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт. Жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат кийинчерээк www.esep.kg сайтында жеткиликтүү болот.

Мындан тышкары, "Ар кандай маселелердин" талкуусунун алкагында Кеңештин мүчөлөрү Аудитордук иш планга өзгөртүүлөрдү киргизишти жана 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн карашты.