Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарынын 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы, ал эми  реформа жүргүзүлгөн административдик аймактарда 2024-жылдын 1-апрелине карата бюджеттеринин түзүлүшүнө, аткарылышына жана муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Аудитке, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы, районунун өнүктүрүү фондусу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кадамжай башкармалыгы Айдаркен шаарынын мэриясы жана “Кадамжай районундагы өз алдынчабашкаруу органдары, өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы муниципалдык ишканалары камтылды.

Баткен областынын Кадамжай районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы 32 712,0 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон каржы бузуулар 30554,4  миң сом, ордуна коюлганы 5652,9 миң сом, андан:  бюджетке 1819,3 миң сом, мекемелерге 3833,6 миң сом, ордуна коюлбаган сумма  24 901,5 миң сомду түзөт.

Бузуулардын классификатору боюнча:

  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү (СФ, Салык кошумча эсептөөлөр) 338,0 миң сом;
  • муниципалдык  кызмат көрсөтүүдөгү бузуулар  11 259,1 миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 81,7 миң сом;
  • бюджеттик классификациялык коддорду колдонуунун бузуу менен бюджеттик каражаттарды алуучуларга жана ведомстволук бөлүштүрүүчүлөргө бюджеттик каражаттарды  багыттоо 604,9 миң сом;
  • бюджеттик смета менен каралбаган чыгымдарды төлөө боюнча бюджеттик каражаттарды пайдалануу 299,7 миң сом;
  • башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылууга тийиш болгон чыгымдарды төлөөгө бюджеттик каражаттарды пайдалануу 173,0 миң сом;
  • курулуш-куроо (монтаждоо) иштеринин наркын же көлөмүн жогорулатуу 1568,9 миң сом;
  • кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү башка төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 1 298,7 миң сом;
  • товардык-материалдык балуулуктар жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 45,2 миң сом;
  • бюджетке ижара акысын өз учурунда чегерүүнү камсыздоо боюнча контролдоонун жана чараларды көрүүнүн жоктугу 6 616,3 миң сом;
  • эмгек акы, сапар чыгымы жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар 108,9 миң сом;
  • бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды эсепке алуу тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын сактабоо 7 909,4 миң сом;
  • дебитордук карызды эсепке алуудагы бузуулар 2 407,1 миң сом.

 Аудиттин жыйынтыгы  менен:

- тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кадамжай финансы башкармалыгынын башчысына, айыл өкмөттөрдүн жана мунуципалдык мекемелеринин башчыларына, Кадамжай жана Айдаркен шаарларынын мэрине жана шаардык мэрияга караштуу муниципалдык ишканалардын, бюджеттик мекемелердин башчыларына  сунуштамалар жана жазма буйруктар жиберилди;

- жергиликтүү Кеңештердин сессиясында кароо үчүн айылдык жана шаардык  Кеңештердин  төрагаларына отчеттордун, сунуштамалардын жана жазма буйруктардын көчүрмөлөрү жиберилди;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө  аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди;

- Майдан айыл өкмөтүндөгү Сары-Алтын айылына “Суу кампа куруу жана таза суу түтүгүн калыбына келтирүү” иштеринин  курулушу сапатсыз курулгандыгы жана “Амин” ЖЧКсы тарабынан 346,5 миң сомдук жумуштар аткарылбагандыгы жана ушул сумма бухгалтердик эсепте дебитордук карыз катары көрсөтүлбөстөн эсептен жашырылгандыгы боюнча аудиттин материаладары,  укуктук баа берүү үчүн 10.09.2024-жылдагы №01-13/227 каттын негизинде КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен областы боюнча башкармалыгына жиберилди.