Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдаланышына жана муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлгөн.
Аудитке Сүлүктү шаардык мэриясы, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгы, Сүлүктү шаардык Кеңеши, шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмү, “Сүлүктү-Тазалык” жана “Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканалары камтылды.
Сүлүктү шаарынын 2022-2023-жылдагы мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы 6948,9 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды.
Бузуулардын классификатору боюнча:
- тиешелүү бюджетке кирешелерди которуу/кредиттөө маселелери боюнча мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин карама-каршылыгы 4 820,2 миң сом;
- бюджеттик классификациясынын коддорду колдонуунун бузуу менен бюджеттик каражаттарды ведомствого караштуу жетекчилерге жана бюджеттик каражаттарды алуучуларга беруу жана багыттоо 1 480,0 миң сом;
- курулуш-куроо (монтаждоо) иштеринин наркын же көлөмүн жогорулатуу 277,9 миң сом;
- бюджеттик мекеменин кызматкеринен - отчет берүүчү адамдан, ага отчет берүү үчүн берилген каражаттар боюнча карыз 195,8 миң сом;
- бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды эсепке алуу тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын сактабоо 175,0 миң сом.
Аудиттин жыйынтыгы менен:
- тиешелүү чараларды көрүү үчүн Сүлүктү шаарынын мэрине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сүлүктү финансы башкармалыгынын башчысына, шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканалардын жетекчилерине сунуштамалар жана жазма буйруктар;
- жалпылоо отчеттун жана жана жазма буйруктун көчүрмөлөрү шаардык Кеңештин сессиясында кароо үчүн Сүлүктү шаардык Кеңештин төрагасына жөнөтүлдү.
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмү боюнча:
- 2022-2023-жылдар мезгил аралыгында сатылган жерлер, болжол менен жалпы 2390,5 миң сомго арзан сатылуусуна жол берген комиссия мүчөлөрүнүн жана мэриянын жооптуу кызматкерлеринин иш аракеттерине укуктук баа берүү үчүн аудиттин материалдары 18.06.2024-жылдагы №01-13/171 каттын негизинде КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен областы боюнча башкармалыгына;
- жергиликтүү бюджетти жалпы 2 429,7 миң сомдон кем эмес зыянга учуратканга тиешеси бар Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы жеке менчик турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү, муниципалдык менчикте турган объекттер жана жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү, жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча бирдиктүү комиссиясынын жана мекеменин жооптуу кызматкерлеринин иш аракеттерине укуктук баа берүү үчүн аудиттин материалдары 18.06.2024-жылдагы №01-13/171 каттын негизинде КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен областы боюнча башкармалыгына жиберилген.
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмү боюнча «Сүлүктү шаарына жеңил конструкциядан жасалган жабык таштанды таштоочу курулмалардын курулушу» обьектиси боюнча КР Салык кодексинин талаптарына ылайык, ЖИ «К. Турдубаевдин» 2023-жылдык отчеттору боюнча салыктардын эсептелиши жана бюджетке төлөнүшүнө текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгы боюнча маалымат берүү тууралуу КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгына 15.08.2024-жылдагы №01-12/213 кат жиберилген.