2024-жылдын 14-24-октябрында Польша Республикасынын Жогорку көзөмөл палатасынын эксперттик тобунун Кыргыз Республикасына кезектеги иш сапары болуп өттү. Бул сапар GSAI долбоорунун «Аудиттик процесстерин санариптештирүү» компонентинин жана INTOSAI «pICTure» өнүктүрүү программасынын алкагында уюштурулду.
Сапардын негизги максаты КР Эсептөө палатасынын маалыматтык технологиялар тармагындагы учурдагы абалын жана ишмердүүлүгүн баалоо болду. Алынган жыйынтыктар аудиттик процесстерде IT-инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландын иштелип чыгышына негиз түзөт.
Сапардын жүрүшүндө Польша Республикасынын эксперттери КР Эсептөө палатасынын кызматкерлери менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, учурдагы технологияларды жана аларды өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Мындан тышкары, заманбап IT-аудит методдорун киргизүүгө жана аудиторлордун кесиптик квалификациясын жогорулатууга багытталган «Маалыматтык технологиялар аудитти» боюнча атайын тренинг уюштурулду.
Бул кызматташтык Кыргызстандагы аудиттик процесстерди модернизациялоо менен аудит жана көзөмөл жаатындагы эл аралык кызматташууну чыңдоого карай маанилүү кадам болуп саналат.