КР Эсептөө палатасы 2021-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил арасындагы КР Президентинин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин бюджетинин аткарылышы боюнча аудитти аяктады. Аудит Эсептөө палатасынын 2024-жылга карата аудитордук иш-чаралар планына ылайык жүргүзүлдү.
2022–2023-жылдардагы агенттиктин жетишкендиктери
Аныкталган бузууларга карабастан, Агенттик инвестицияларды тартуу боюнча активдүү иш жүргүздү. 2022–2023-жылдар аралыгында түрдүү өлкөлөр менен 36 меморандумга кол коюлуп, 470 млн АКШ долларына үч инвестициялык келишим түзүлгөн. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында Агенттик жалпы суммасы 2,2 млрд АКШ долларын түзгөн 14 долбоорду колдогон, анын ичинен 2024-жылга карата 48,6 млн АКШ доллары өздөштүрүлгөн.
Аныкталган бузуулар
Аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы 2 млн 885,3 миң сомго каржылык тартип бузуулар аныкталган, анын ичинде:
-268,2 миң сомго иш сапарларына кеткен чыгымдарды негизсиз эсептен чыгаруу;
-2 млн 617,1 миң сомго эмгек акыны төлөөдөгү бузуулар.