Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнү Чаткал районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы, ал эми административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөн аймактарда 2024-жылдын 1-апрелине карата бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлгөн.
Чаткал районуна жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында жалпысынан 12373,5 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды.
Бузуулардын классификатору боюнча:
- Курулуш-куроо (монтаждоо) иштеринин наркын же көлөмүн жогорулатуу 9220,1 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;
- Кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү башка төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 522,3 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт;
- Товардык-материалдык балуулуктар жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 174,4 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт;
- Бюджетке төлөмдөрдүн эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү 2179,2 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;
- Бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча мыйзамдын негизги талаптарын бузуу 149,4 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;
- Эмгек акы, сапар чыгымы жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар 128,1 миң сом, толугу менен ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок.
Аудиттин жыйынтыгы менен:
- тиешелүү чараларды көрүү үчүн Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чаткал финансы башкармалыгынын башчысына, КанышКыя жана Терек-Сай айыл өкмөттөрдүн башчыларына жазма буйрук жиберилди;
- жергиликтүү Кеңештердин сессиясында кароо үчүн отчеттун, жазмабуйруктун көчүрмөлөрү Каныш-Кыя жана Терек-Сай айылдык Кеңештердин төрагаларына жиберилди.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди.