КР Эсептөө палатасы Бишкек шаарынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүздү. Бул аудит шаардын бюджетинин туура жана натыйжалуу башкарылышын баалоо, бузууларды аныктоо жана бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоо максатында ишке ашырылган.
2021-жылга карата аудиттин жыйынтыгы боюнча берилген 96 сунуштун ичинен:
• 64 пункт толук аткарылган;
• 17 пункт аткарылбай калган;
• 15 пункт жарым-жартылай аткарылган.
Жалпысынан калыбына келтирилиши керек болгон 1 490,8 млн сомдун 9,5 млн сому гана калыбына келтирилген. Бул көрсөткүч шайкештик аудиттердин натыйжалуулугун камсыздоо боюнча кошумча чараларды көрүү зарылдыгын көрсөтөт.
Аудит Бишкек шаарынын бюджетин түзүүдө жана аткарууда Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган мөөнөттөр сакталбагандыгын белгилейт. Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү 5 айга, бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү 1 айга, бюджеттин аткарылышын бекитүү 9-айга кечиктирилген.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесин бузуу менен 2022-жылга Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилген эмес.
2022-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары боюнча жалпы бузуулар жана ченемдик документтерге дал келбестиктер 15 414,9 млн. сомдун тегерегинде аныкталган, алардын негизгилерин төмөнкүлөр түзөт:
1. Бишкек шаарынын бюджетинин 13 924,2 млн. сом суммасындагы жоготууларын жана резервдерин 1999-2020-жылдар мезгил аралыгында көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн 5-жылдан 49-жылга чейин ижарага берилген муниципалдык жер участокторун ченемдик документтердеги жана түзүлгөн келишимдеги шарттарга ылайык сатылышын ошол учурда иштеген жооптуу кызматкерлер камсыз кылбагандан түзүлгөн.
Муниципалдык жер участокторун көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн берүүдө жана андан ары пайдаланууда ченемдик документтердин сакталбагандыгына укуктук баа берүү үчүн аудит материалдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине 2024-жылдын 16-сентябрындагы №01-7/964 каты менен жөнөтүлгөн.
Бүгүнкү күнгө карата, аудиттин жыйынтыгы боюнча көп батирлүү турак үй куруу үчүн берилген 5 жер участогун сатуудан жергиликтүү бюджетке 153,0 млн. сом чегерилген.
2. 2022-жылы Бишкек шаарынын бюджетинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша милдеттенмелерине кирбеген чыгымдар жалпы 326,0 млн. сомго каржыланган, анын ичинен: шаардык бюджеттен 258,8 млн. сом жана райондук бюджеттерден 67,2 млн сом.
3. Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алууга 20,4 млн.сомго ашыкча каржылоого жол берилген, анын ичинен 16,7 млн.сом максатсыз чыгымдалган.
2022-жылга карата “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасына - 73,4 млн.сомго “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасына 27,8 млн.сомго субсидия негизсиз ашыкча каржылоого жол берилген.
4. Сапатсыз аткарылган курулуш жана оңдоо иштерине чыгымдар:
18, 4 млн сом жумуш көлөмүн негизсиз жогорулатуу жана сапатсыз аткаруу фактылары аныкталган. Бүгүнкү күнгө ордуна коюлганы 11, 2 млн сом.
КР Эсептөө палатасы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча бир катар сунуштарды берди, анын ичинде 2019-2020-жылдарга жана 2021-жылга жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жазма буйруктардын аткарылышын камсыз кылбаган кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин карап чыгуу боюнча маселеси камтылды.
Бул аудиттин жыйынтыктары тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна жөнөтүлөт.