КР Эсептөө палатасы органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга натыйжалуулук аудитин жүргүздү
КР Эсептөө палатасы 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилди камтыган органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга натыйжалуулук аудитин жүргүздү. Аудит Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчө мамлекеттеринин аудитордук органдары ортосундагы кызматташтык тууралуу Меморандумдун жана Эсептөө палатасынын 2024-жылга бекитилген аудитордук иш планынын негизинде аткарылды.
Аудиттин негизги максаты Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча аракеттердин натыйжалуулугун баалоо болду.
2024-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстанда 67,4 миң гектар жер органикалык өндүрүшкө тартылган, бул жалпы айдоо аянтынын 5%ын түзөт. 2023-жылы органикалык продукциянын өндүрүшү 204,4 миң тоннаны түзгөн. 2024-жылы органикалык өндүрүштүн аянты 2023-жылга салыштырмалуу 1,5 миң гектарга көбөйгөн. 2023-жылы 6,4 миң тонна органикалык продукция экспорттолгон. 2024-жылдын октябрына карата экспорттун көлөмү 9,5 миң тоннага жетти. Негизги экспорттук өнүмдөр: алма, өрүк, кара өрүк, биопахта, төө буурчак, жаңгак, бал жана башкалар.
Өткөрүлгөн аудит учурунда ченемдик-укуктук базанын көйгөйлөрү бар экендиги байкалып, Кыргыз Республикасынын «Органикалык өндүрүш жөнүндө» Мыйзамынын талаптары толук аткарылбай жатканы аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында “Органикалык продукция” программасын ишке киргизүү каралган. Бирок, 2022-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасында тиешелүү мезгил аралыгына карата органикалык өндүрүштү өнүктүрүү стратегиялык программасы бекитиле элек.
Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай, органикалык продукциянын сапатын тастыктоочу сертификациялоо жана маркировкалоо системасынын жоктугу көйгөй жаратууда.
Ысык-Көл областындагы Каракол шаарында топурак талдоо лабораториясын түзүүгө эл аралык уюмдардын эсебинен 4,4 млн сомго тиешелүү жабдуулар сатылып алынган. Бирок, бул лаборатория квалификациялуу адистердин жетишсиздигинен улам 2024-жылдын февраль айынан бери ишке киргизиле электиги аныкталган. Андан сырткары аталган жабдуулар бухгалтердик баланска алынбагандыктан, аудит учурунда алынган.
Органикалык өндүрүш кластеринде кредиттөө үлүшү төмөн бойдон калууда. Мунун себептери— фермерлердин финансылык сабаттуулугунун жетишсиздиги жана коммерциялык банктардын продукцияны сатып алуу келишимдерин талап кылган шарттары.
Нарын шаарындагы биолабораториянын курулушу 2017-жылы башталып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1,4 млн сомго пайдубалы (фундаменти) курулган бойдон 7 жылдан бери бүтпөй токтоп турат.
Аудиттин жүрүшүндө органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча олуттуу көйгөйлөр аныкталды. Органикалык өндүрүштү өнүктүрүү үчүн натыйжалуу ченемдик-укуктук базаны түзүү, сертификациялоо жана маркировкалоо системасын киргизүү, тиешелүү адистерди даярдоо жана инфратүзүмдү жакшыртуу зарыл.
Аудиттин жыйынтыгында, КР Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине тийиштүү сунуштамаларды берүү менен, алардын аткарылышын көзөмөлгө алууну улантат.