Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык, ЫсыкКөл областынын Балыкчы шаарында 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 10741,7 миң сомду түзгөн, анын ичинде 1753,8 миң сому  калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 1544,3 миң сом, анын ичинен:

  • капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар 149,7 миң сом, анын ичинен;
  • курулуш куроо иштеринин көлөмдөрүн же бааларын жогорулатуу 149,7 миң сом;
  • милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган чыгымдар) 34,9 миң сом, анын ичинде:
  • товардык-материалдык баалулуктар жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашык запасы 34,9 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттин аткарылышындагы башка кемчиликтер жана бузуулар 1198,0 миң сом, анын ичинде:
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттин аткарылышындагы башка кемчиликтер жана бузуулар 1198,0 миң сом;
  • мүлктү сактоонун камсыздалбашы 1524,3 миң сом, анын ичинде:
  • негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын эскиришин жана материал дык эмес активдерди эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик мүлктүн болушу 1419,8 миң сом;
  • тастыктоочу документтерисиз мүлктү жана товар дык-материалдык баалулуктарды эсептен чыгаруу 104,5 миң сом;
  • бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуулар 1015,8 миң сом, анын ичинде:
  • эмгек акылары, сапар чыгымдары, жөлөкпул, компенсация төлөөгө байланыштуу бузуулар 997,3 миң сом сом;
  • эсептен дебитордук карыздар боюнча бузуулар 14,5 миң сом;
  • эсептен кредитордук карыздар боюнча бузуулар 4,0 миң сом;
  • отчеттуулуктун жана эсептин тартиптеринин жана башка бузуулары 6066,6 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар 752,4 миң сом,  анын ичинде:
  • мыйзамдын талаптарына ылайык конкурс  өткөрүлбөстөн (товарлар, жумуштар жана кызматтар) сатып алуулар 752.4мин сом.

Мындан тышкары, 11 (он бир) башка жол-жоболук бузуулар жана 3 (үч) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү башка бузуулар аныкталган.

Аудиттин материалдары Балыкчы шаардык мэриясынын жетекчилигинин,  мекемелердин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Балыкчы башкармалыгынын башчысынын, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Балыкчы шаарынын мэрине, шаардык Кеңешке - Отчет; аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйруктар, Сунуштар жөнөтүлдү.