Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы 2021-2023-жылдар аралыгына карата Улуттук илимдер академиясында жана анын илимий-изилдөө мекемелеринде, ведомстволук уюмдарында шайкештик аудити жүргүзгөн.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы каржылык тартип бузуулар 70 млн 962,8 миң сомду түздү. Анын ичинен:

- Эмгек акы фондунан негизсиз эсептелип, төлөөлөр 37 234,2 миң сом;

- Соцфондго эсептелген чегерүүлөр 6 425,9 миң сом;

- Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын сакталышы боюнча аудитте аныкталган бузуулар 18 554,9 миң сом;

- Жылдык отчёттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын (мындан ары: ТМБ) нормативден ашыкча запастардын аныкталган ашыкча калдыктары 2370,2 миң сом; 

- Коммуналдык чыгымдарды лимиттен ашык пайдалануу: 1 495,8 миң сом;

- Курулуш куроо/оңдоо иштерин аткарууда бузуулар 217,3 миң сом;

- Бюджеттик каражатты максатсыз пайдалануулар: 191,1 миң сом;

- Бухгалтердик эсептин талаптары сакталбастан 4473,4 миң сомдук финансылык бузууларга жол берилген.

Жогорудагы финансылык тартип бузуулардан тышкары кыймылсыз мүлктөрдү, жер аянттарды ижарага берүүдөн Борбордук аппараттын 1 объектинин мисалында шарттуу жоготуулар 64 412,7 миң сомду түздү.