РФ Эсептөө палатасынын 30 жылдык мааракеси - ведомстволор аралык кызматташтыктыктын жаңы жолдорун ачууда
КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов РФ Эсептөө палатасынын 30 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чараларга катышты. Москвада өткөн маараке Азербайжан, Алжир, Беларусь, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн жогорку аудитордук органдарынын өкүлдөрүн чогултту.
Бул бир гана өлкө үчүн маанилүү окуя болбостон, каржы көзөмөлү тармагындагы эл аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү платформа болуп калды.
Бул сапардын алкагында Алмазбек Акматов ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кесиптик байланыштарды чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
РФ Эсептөө палатасынын төрагасы Борис Ковальчук менен жолугушууда эки өлкөнүн Эсептөө палаталарынын ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Тараптар мамлекеттик финансынын ачыктыгын бекемдөө, аудиттин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ИНТОСАИ, АЗОСАИ, ЕАЭБ, ШКУ жана КМШ сыяктуу уюмдардын алкагында биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча иштердин маанилүүлүгүгүн белгилешти.
Аудит процессин санариптештирүү, инновациялык технологияларды киргизүү жана квалификациялуу адистерди даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле төрагалар мамлекеттик ресурстарды башкаруу боюнча аналитикалык маалымат алмашууну активдештирүүгө даяр экенин билдиришти.
Алмазбек Акматов Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку аудитордук органынын башчысы Хумейд Обейд Абушибс менен жолугушуп, 2015-жылы кол коюлган Эки тараптуу кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу перспективаларын талкуулады. Жолугушууда биргелешкен изилдөөлөрдү өткөрүү, алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу жана глобалдык чакырыктар шартында аудитке жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу сыяктуу кенен спектрдеги маселелер каралды.
Тараптар мамлекеттик финансы башкаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
РФ Эсептөө палатасынын 30 жылдыгына арналган иш-чаралар эл аралык аудит стандарттарын ишке киргизүүнүн келечегин талкуулоо жана мамлекеттик органдардын отчеттуулугун жогорулатуу боюнча жалпы күн тартибин түзүү үчүн ар кандай өлкөлөрдүн кесиптештерине тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн берди. КР Эсептөө палатасынын мындай маанилүү эл аралык иш-чараларга катышуусу ведомствонун эл аралык өнөктөштүктү бекемдөөгө, мамлекеттик финансы көзөмөлүнүн сапатын жогорулатууга жана аудит тармагына заманбап технологияларды киргизүүгө болгон стратегиялык умтулуусун баса белгилейт.
Алмазбек Акматов мындай деп баса белгиледи:
«Эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтык биздин ишибизди өркүндөтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мамлекеттик ресурстарды ачык жана натыйжалуу башкарууда мындан да жогорку жыйынтыктарга жетишүүгө жардам берерине ишенебиз».