Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү Майлуу-Суу шаарынын 2022-2023-жылдар аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудити  жүргүзүлдү.

Аудитке, Майлуу-Суу шаарынын мэриясы, Майлуу-Суу шаардык Кеңеши, Майлуу-Суу финансы башкармалыгы жана Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы, “Бедре-Сай” жана “Кашка-Терек” аймактык коомдук өзүн-өзү башкаруулары,  “Майлуу-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасы, “Шаарсууканал” мекемеси, Майлуу-Суу шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмү жана Майлуу-Суу шаардык маданият бөлүмү камтылды.

Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында 8889,3 миң  сомдук карыжылык бузуулар аныкталды.

Бузуулардын классификатору боюнча:

  • эсептөөнүн тууралыгуна, бюджетке төлөмдөрдүн толуктугуна жана өз убагында жүргүзүлүшүнө, алар боюнча туумдардын  чегерилишине жана төлөнүшүнө көзөмөл кылуу боюнча чараларды көрбөгөндүк  1,8 миң сом,  толук  ордуна коюлууга тийиш, бюджетке ордуна коюлду.
  • курулуш-куроо (монтаждоо) иштеринин наркына жана көлөмүнө кошуп жазуулар 25,0 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлду;
  • кызматкерлердин эмгек акысына жана башка накталай төлөөлөргө  ченемден ашыкча чыгымдар  451,3 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт;
  • эмгек акы,сапар чыгымы жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар  10,7 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, бюджетке ордуна коюлду;
  • бухгалтердик эсепке негизги каражаттарды эсепке алуу боюнча мыйзам талаптарынын сакталбашы   8400,5 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, мекемеге калыбына келтирилди.

Аудиттин жыйынтыгыменен:

- тиешелүү чараларды көрүү үчүн Майлуу-Суу шаарынын мэрине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Майлуу-Суу финансы башкармалыгынын башчысына, муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Майлуу-Суу Тазалык”, “Шаарсууканал” муниципал-дык мекемелеринин, Майлуу-Суу шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн, Майлуу-Суу шаардык маданият бөлүмүнүн башчыларына  жазма буйрук жана сунуштама жөнөтүлдү;

- отчеттун жана жазма буйруктун көчүрмөлөрү жергиликтүү Кеңештин сессиясында кароо үчүн шаардык Кеңештин төрагасына жөнөтүлдү;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди.