Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнү, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы, ал эми административдикаймактык реформа жүргүзүлгөн аймактарда 2024-жылдын 1-апрелине карата жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлдү.

Аудитке, Сузак райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгы, Сузак райондук өнүктүрүү фонду, Сузак, Атабеков, Кызыл-Туу, Кара-Дарыя, КызКөл, Барпы (мурдагы Барпы жана Ырыса/ө), Көк-Арт (мурдагы Көк-Арт, Курманбек жана Кара-Алма а/ө), Багыш (мурдагы Багыш жана Ленин а/ө), М.Т.Конгантиев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгы (мурдагы Таш-Булак а/ө), айыл өкмөттөрүнө караштуу муниципалдык ишканалар, КөкЖаңгак шаардык мэриясы, КР Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак финансы башкармалыгы, Көк-Жаңгак шаардык Кеңеши, шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаменти, “Көк-Жаңгак өз алдынча чарбалык эсептеги таза суу менен камсыздоо “Шар-Булак” участкасы” мекемеси жана Көк-Жаңгак шаардык маданият бөлүмү камтылды.

Аудиттин жыйынтыгында жалпысынан – 52433,2 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон каржы бузуулар 29504,9 миң сом, аудит учурунда ордуна коюлганы 15250,7 миң сом, ордуна коюлбаган калдык сумма 14254,2 миң сомду түзөт.

Бузуулардын классификатору боюнча:

  • Бюджеттин долбоорунун киреше бөлүгүнүн бюджеттик мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбегендиги – 1060,0 миң сом;
  • Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө (өз убагында же толук эмес чегерүү) – 229,5 миң сом;
  • Курулуш-куроо (монтаждоо) иштеринин наркын же көлөмүн жогорулатуу – 1714,5 миң сом;
  • Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка накталай төлөөлөргө ченемден ашыкча чыгымдар – 1112,2 миң сом;
  • Товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгымдары – 186,0 миң сом;
  • Товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастары – 3070,5 миң сом;
  • Мүлктун жана каражаттардын жетишсиздиги (зыян, жоготуу, урдоо) – 63,2 миң сом;
  • Мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдаланууда негизги бузууларга кирбеген башка бузуулар – 9094,8 миң сом;
  • Контролдуктун жоктугунан жана ижара акысын өз убагында чегерүүнү камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү – 2163,7 миң сом;
  • Бугалтердик эсептин талаптарын бузуу менен отчеттулук үчүн аванс берүү – 13,3 миң сом;
  • Эмгек акы,сапар чыгымы жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар – 142,7 миң сом;
  • Бухгалтердик эсепке негизги каражаттарды эсепке алуу боюнча мыйзам талаптарынын сакталбашы – 14830,3 миң сом;
  • Ченемдик-укуктук актылардын талаптарына ылайык, конкурс өткөрбөстөн сатып алуулар (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөр) – 18752,5 миң сом. 

Аудиттин жыйынтыгы менен:

- тиешелүү чараларды көрүү үчүн Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына, КРнын Финансы министрлигинин Сузак финансы башкармалыгынын башчысына, Көк-Жаңгак шаарынын мэрине, айыл өкмөттөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын башчыларына сунуштама жана жазма буйрук жөнөтүлдү;

- отчеттун, сунуштаманын жана жазма буйруктун көчүрмөлөрү жергиликтүү Кеңештин сессиясында кароо үчүн айылдык Кеңештердин төрагаларына жөнөтүлдү;

- Атабеков айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылында жайгашкан вино заводунун жалпы 2,11га жери айыл өкмөтүнүн буйругу жок 2023-жылда түз сатуу жолу менен “Аталык Групп” ЖЧКсына 368,5 миң сомго сатылгандыгы, ошондой эле аудит убагында кайрадан көз карандысыз баалоочу тарабынан баалоодо 8286,0 миң сомго баалангандыгына байланыштуу, жерди сатууда мыйзам талаптарын бузууга жол берилгендиги боюнча укуктук баа берүү үчүн, аудиттин материалдары КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгына жиберилди;

- мурдагы Курманбек айыл өкмөтүнүн Кара-Чолок жана Тамга-Терек айылдарында 2023-жылы айыл чарба багытында эмес 3800 м2 үч жер тилкелери 808,8 миң сомго кем бааланып сатылгандыгы боюнча аудиттин материалдарына укуктук баа берүү үчүн, аудиттин материалдары КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгына жиберилди;

- Сузак районунун Багыш айыл аймагынын Октябрь-1 айылынын Ж.Умаркулов көчөсүнө, Октябрь-3 айылынын С.Укеев жана Токтогул көчөлөрүнө, Сафаровка айылынын М.Кадыркулов көчөсүнө жана Кызыл-Туу айылынын Т.Момунов көчөсүнө асфальт басуу жумуштары” боюнча Сузак районунун Багыш айыл өкмөтү жана “Кыргызавтожол” Мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалы ортосунда 18752,5 миң сомдук келишим Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасынын жана 17-беренесинин 3-пунктунун 10-пунктчасынын талаптарын бузуу менен түзүлгөндүгүнө укуктук баа берүү үчүн, аудиттин материалдары Жалал-Абад областынын прокуратурасына жиберилди;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди.