Урматтуу айымдар!
Сиздерди жаз менен кошо келген жаркыраган жаркын майрам – 8-Март, Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Сиздер – жашоонун көркү, үй-бүлөнүн куту, коомдун тирегисиңер. Сиздердин мээримиңиздер, акылмандык менен айкалышкан зор эмгекчилдигиңиздер өлкөбүздүн келечегин жарык кылып, коомубузга жылуулук тартуулап турат.
Ар дайым жүзүңүздөрдөн күлкү кетпей, жүрөгүңүздөр бакытка жана кубанычка толуп, үй-бүлөңүздөрдө тынчтык жана бакубатчылык орносун! Ден соолук, ийгиликтер жана түгөнбөс дем каалайбыз!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы
Алмазбек Акматов