Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2021-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында КР Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте жана анын ведомстволук бөлүмүндө бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлдү.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча жалпы 1 021,5 миң сом суммага бузуулар жана кемчиликтер аныкталды. Алар төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:

  • Бааны коюу жана тарифтерди түзүү боюнча бузуулар – 427,6 миң сом. Окуу борбору тарабынан жүргүзүлгөн курстар боюнча тарифтер негизсиз жогорулатылып, ар бир курс үчүн 2,3 миң сомдон, жалпы 427,6 миң сом ашыкча эсептелген.
  • Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн өз убагында жана толук эмес чегерилиши, анын ичинде бюджет жана социалдык төлөмдөр боюнча кредитордук карыздар– 214,3 миң сомго жеткен.
  • Процедуралык мүнөздөгү бузуулар – 379,6 миң сом. Бул сумма эмгек акы боюнча мөөнөтү өткөн кредитордук карыздардан улам келип чыккан.

Аудиттин жыйынтыктары тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирилип, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар көрүлүүдө.