Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинде жана анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндө 2023-жылга карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча бир катар бузуулар жана кемчиликтер аныкталды.

Аудиттин жыйынтыгында, жалпы бузуу жана кемчиликтердин суммасы 158 970,5 миң сомду түзгөн, анын ичинен 4 547,9 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш болгон. Аудиттин жүрүшүндө 3 073,1 миң сом калыбына келтирилип, калган 1 474,8 миң сом боюнча иштер улантылууда.

Аныкталган негизги бузуулар төмөнкүлөрдү камтыйт:

Бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу: Бюджеттик сметада каралбаган чыгымдарга 1 035,1 миң сом сарпталган.

Эмгек акылар жана компенсациялар: Жалпы суммасы 136 804,0 миң сом өлчөмүндө мыйзам бузуулар катталып, анын ичинен 150,3 миң сому калыбына келтирилди.

Иш сапар чыгымдары: Жалпы 73,6 миң сом мыйзамсыз чыгым аныкталып, анын бардыгы аудит маалында кайтарылды.

Транспорттук чыгымдар: Бул багытта 558,3 миң сом мыйзам бузуулар аныкталып, анын ичинен 48,5 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш.

Товардык-материалдык баалуулуктардын ашыкча запастары: 1 251,7 миң сом суммасында ашыкча материалдык запастар катталган.

Товардык-материалдык баалуулуктар жана башка чыгымдар:  Товардык-материалдык баалуулуктар жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча 1 976,8 миң сомдук чыгымдар катталган.

Негизги каражаттар боюнча бузуулар: Негизги каражаттарды эсепке алуу жана эсептен чыгаруу тартибин бузуу фактыларынын жалпы суммасы 1 092,7 миң сомду түзүп, анын бардыгы аудит маалында калыбына келтирилди.

Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү менен байланышкан бузуулар: бул бузуулар суммасы 2 148,6 миң сомду түзгөн (аудиттин жүрүшүндө 1 500,7 миң сом калыбына келтирилди);

Мамлекеттик сатып алуулар: Бул багытта 387,0 миң сом мыйзам бузуулар катталып, анын ичинен 224,0 миң сому республикалык бюджетке которулган.

Дебитордук жана кредитордук карыздар: Дебитордук карыздарды эсепке алууда жалпы 2 471,9 миң сом мыйзам бузуулар аныкталган, анын ичинде жашырылган дебитордук карыздар 994,2 миң сомду түзгөн. Кредитордук карыздар боюнча болсо, бузуулардын жалпы суммасы 11 094,2 миң сомго жеткен.

Мүлктү уурдоо фактылары: Күнөөлүү жактардан акча каражаттарынын ордун толтуруу боюнча тартиптер бузулуп, жалпы 44,8 миң сом жоготуу катталган.

Башка бузуулар: Жалпы суммасы 31,8 миң сом болгон башка майда бузуулар аныкталып, бул каражаттар толугу менен калыбына келтирилди.

Аудиттин натыйжасында, Жер агенттигине бюджеттик каражаттарды пайдаланууда ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана финансы тартибин бекемдөө боюнча бир катар сунуштар берилди. Аудиттин жыйынтыктары тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирилип, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар көрүлмөкчү.