Бүгүн, 2025-жылдын 14-мартында, КР Эсептөө палатасынын кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Отурумдун башында Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жаңы дайындалган мамлекеттик инспектору мамлекеттик кызматчынын антын берди. Бул салтанат мамлекеттик кызматка киришүүнүн расмий жана жоопкерчиликтүү кадамы болуп саналат.
Андан соң КР 2019-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында КР Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн пилоттук шайкештик аудитинин жыйынтыктары тууралуу отчетту кеңешке аудитор Бадахшан Рыскулиев тааныштырды. Аудиттин жүрүшүндө бюджеттик каражаттарды пайдалануу боюнча бир катар оң натыйжалар жана айрым кемчиликтер белгиленип, аларды жоюу боюнча сунуштар берилди.
Күн тартибинин кийинки маселеси катары 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн пилоттук финансылык аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчетту кеңешке аудитор Азамат Раматилаев сунуштады. Аудиттин жүрүшүндө агенттиктин ишмердүүлүгүндө айрым каржылык мыйзам бузуулар жана ички контролдоо системасындагы жетишсиздиктер аныкталып, бул багытта бир катар жакшыртуулар сунушталды.
Отурумдун соңунда бир катар уставдык жана уюштуруучулук маселелер каралды:
- КР Эсептөө палатасынын фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Бул документ фонддун каражаттарын натыйжалуу жана ачык-айкын пайдаланууга багытталган;
- КР Эсептөө палатасынын тышкы адистери жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилди. Өзгөртүүлөр палатанын ишине адистерди тартуу механизмдерин жакшыртууну көздөйт.
Отурумдун жыйынтыгында, каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, алардын аткарылышы көзөмөлдө болот.