2025-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында “Ачык эшиктер күнү” алкагында маанилүү жолугушуу болуп өттү. Бул иш-чарада М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Илимий изилдөө университетинин Экономика жана сервис колледжинин “Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактары боюнча)” адистигинин СЭ-1-23 жана СЭ-2-23 тайпаларынын жалпы 38 студенти катышты. Жолугушуунун максаты — студенттерди кесип тандоо багытында колдоо жана Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу болду.
Экскурсия Эсептөө палатасынын экономика тармактарына аудит жүргүзүү башкармалыгынын начальниги Руслан Абдыкалыковдун жетекчилиги менен өттү. Ал студенттерге мамлекеттик аудиттин милдеттери, жүргүзүлүүчү көзөмөл иштери, Эсептөө палатасынын структурасы жана коомчулук менен ачык иштөө принциптери жөнүндө кеңири маалымат берди.
"Бүгүнкүдөй иш-чаралар жаш адистердин туура кесип тандоосуна жардам берип гана тим болбостон, биздин ишмердүүлүк тууралуу коомчулукта ачык-айкын түшүнүк калыптандыруунун да мыкты ыкмасы болуп эсептелет. Бул — эки тарап үчүн тең пайдалуу байланыш.", - деп белгиледи Руслан Абдыкалыков.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Эсептөө палатасынын иши, аудит жүргүзүү ыкмалары жана мамлекеттик каржыны башкаруудагы жоопкерчилик тууралуу кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды алышты. Мындай иш-чаралар теория менен практиканын айкалышына шарт түзүп, студенттердин кесипке болгон кызыгуусун арттырат.
СЭ-2-23 группасынын студенти Торогелдиев Темирлан бул жолугушуу тууралуу мындай деди:
"Мурда мамлекеттик аудит тууралуу жалпысынан гана билчүмүн, бүгүн болсо анын маңызын жана жоопкерчилигин терең түшүндүм. Мен өзүм үчүн кесибимдин коомдогу маанисин дагы бир жолу тастыктап алдым."
Эсептөө палатасы үчүн мындай жолугушуулар — келечектеги потенциалдуу кадрлар менен байланыш түзүү, алардын суроолоруна жооп берүү жана мамлекеттик мекемелерге болгон ишенимди бекемдөө мүмкүнчүлүгү. Студенттер үчүн болсо бул — жаңы тажрыйба, келечектеги кесиптик багытын аныктоого болгон кадам.
Мындай демилгелер келечекте дагы уланып, жаштар менен мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосундагы диалогду бекемдөөгө өбөлгө болору шексиз.