Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Борбор Азиянын аудиттин жогорку органдарынын отчеттуулугун камсыз кылуу боюнча Демилгенин CASAI (Central Asia Supreme Audit Institutions Accountability Initiative) долбоорунун расмий ачылышына катышты. CASAI – бул 2023–2025-жылдары ийгиликтүү ишке ашырылган GSAI долбоорунун экинчи фазасы болуп саналат.

Долбоордун расмий ачылышы 2026-жылдын 15-апрелинде Тажикстандын Душанбе шаарында өттү. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппаратынын жетекчиси Болотбек Элебесов CASAI долбоорунун ачылыш аземине жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен IDI (INTOSAI Өнүктүрүү демилгеси) ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюу иш-чарасына катышты. Болотбек Элебесов долбоордун компоненттеринин ийгиликтүү ишке ашырылышына жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ошондой эле кызыкдар тараптар менен натыйжалуу кызматташууга ишеним артаарын билдирди.

Кол коюлган макулдашуунун алкагында CASAI долбоорунун негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын институционалдык потенциалын чыңдоо болуп саналат. Бул аудиттердин сапатын жогорулатуу, стратегиялык башкарууну өркүндөтүү, процесстерди санариптештирүү жана кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүнү күчтөндүрүү аркылуу мамлекеттик каражаттарды башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга алып келет.

Долбоордун алкагында, потенциалды жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төмөнкү 5 багыты боюнча иштер жүргүзүлөт:

  • Аудиттин сапатын жана камтуусун жогорулатуу;
  • Стратегиялык башкарууну жана институционалдык туруктуулукту күчөтүү;
  • Аудитордук ишмердүүлүктү санариптештирүү;
  • Көз карандысыздыкты жана институционалдык чөйрөнү бекемдөө;
  • Кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү.

Иш-чаранын алкагында аудиттин жогорку органдарынын көз карандысыздыгы боюнча семинар өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө Казакстандын, Кытайдын, Польшанын жана Грузиянын аудиттин жогорку органдарынын өкүлдөрү өздөрүнүн көз карандысыздыкты камсыз кылуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Тенгиз Болтурук жарыялаган билдирүүгө карата Эсептөө палатасынын расмий позициясы

Социалдык тармактарда Тенгиз Болтурук тарабынан таратылган билдирүүдө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлерине карата олуттуу айыптоолор айтылган.

Бул дооматтар далилсиз, негизсиз жана маалыматтык чабуул мүнөзүндө жасалган.

Эгерде айтылган фактылар чын болсо, анда мыйзамдуу түрдө дароо укук коргоо органдарына кайрылуу керек эле. Бирок мындай кадам жасалган эмес. Бир дагы расмий арыз, катталган кайрылуу же процессуалдык аракет жок.

Мындай деңгээлдеги айыптоолор Facebook сыяктуу аянтчалар аркылуу эмес, мыйзамда каралган тартипте каралышы керек. Болбосо, бул билдирүүнүн максаты адилеттик издөө эмес, коомдук пикирди манипуляциялоо жана мамлекеттик органга басым жасоо катары кабыл алса болот.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы өз ишин мыйзамдын, эл аралык аудит стандарттарынын жана көз карандысыздык принциптеринин негизинде жүргүзөт.

Аудиттин жыйынтыктарын «жеке өч алуу» катары көрсөтүү — бул мамлекеттик көзөмөл институтун атайылап каралоо, анткени аудит жүргүзүлгөн мезгилде да, андан кийин да Эсептөө палатасына бул боюнча бир дагы арыз түшкөн эмес.

Тенгиз Болтурук өзүн тажрыйбалуу жетекчи катары көргөзгөнүнө карабастан, укуктук механизмдерди колдонбостон, далилсиз коомдук билдирүүлөрдү таратып жатканы — жоопкерчиликтин жана укуктук маданияттын принциптерине туура келбейт.

Учурда "Кумтөр Голд Компани" ЖАКта биздин адистер өткөн жылдар боюнча кезектеги аудитин жүргүзүүдө. Андыктан мындай далилсиз билдирүүлөрдүн аудиттик иш-чаралар менен дал келиши текшерүүнү жүргүзүп жаткан органга моралдык-психологиялык басым көрсөтүү, ошондой эле аудиттин жыйынтыктарын алдын ала шекке салуу аракети катары бааланат.

Эсептөө палатасы кызматкерлердин аброюна шек келтирүүгө жана мамлекеттик аудиттин көз карандысыз ишине кийлигишүүгө жол бербейт.

Такталбаган маалыматтар мындан ары да таратыла берсе, анда биз ишкердик аброюбузду сот тартибинде коргоо укугун колдонууга аргасыз болобуз.

Коомчулукту мындай такталбаган маалымат таратууга ишенбестен, фактыларга, далилдерге жана мыйзамдуу жол-жоболорго таянууга чакырабыз.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2025-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Ош шаарынын 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Аудитке, Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош финансы башкармалыгы жана Ош шаардык мэриясына караштуу бюджеттик жана чарбалык мекеме, ишканалары камтылды.

Шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы 2 168 769,8 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды (бюджет боюнча 370950,8 миң сом, бухгалтердик эсеп боюнча 1797819,0 миң сом), андан калыбына келтирилүүгө тийиш сумма 2020894,9 миң сом (бюджет боюнча 223181,9 миң сом, бухгалтердик эсеп боюнча 1797713,0 миң сом).

Аудит учурунда 1 739717,1 миң сом калыбына келтирилди (бюджет боюнча 586,1 миң сом, бухгалтердик эсеп боюнча 1 739131,0 миң сом). Калыбына келтирилбей калган каржы бузуулардын калдыгы 281177,8 миң сомду түзөт (бюджет боюнча 222595,8 миң сом, бухгалтердик эсеп боюнча 58582,0 миң сом).

Ош шаары боюнча жалпы 58394,9 миң сомдук каржы жана башка бузууларга укуктук баа берүү үчүн 23 материал укук коргоо органдарына жиберилди, анын ичинен:

1. Ош шаарынын мэриясы боюнча:

9798,0 миң сомдук каржы жана башка бузууларга укуктук баа берүү үчүн 7 материал Ош шаарынын прокуратурасына жиберилди.

2. Ош шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы боюнча:

5110,3 миң сомдук каржы жана башка бузууларга укуктук баа берүү үчүн 5 материал Ош шаарынын ИИБ жана Ош шаарынын прокуратурасына жиберилди.

3. Ош шаарынын мэриясынын “Жибек-Жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгы боюнча:

8584,1 миң сомдук каржы жана башка бузууларга укуктук баа берүү үчүн 4 материал Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгына жиберилди.

4.Ош шаарынын жолдор муниципалдык ишканасы боюнча:

20109,9 миң сомдук каржы жана башка бузууларга укуктук баа берүү үчүн 3 материал КР УКМК Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы башкармалыгына жиберилди.

5. «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы боюнча:

2166,2 миң сомдук нормадан ашыкча чыгымдарга жол берген муниципалдык ишканасынын жооптуу кызмат адамдарынын иш-аракеттерине укуктук баа берүү үчүн аудиттин материалдары КР УКМК Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы башкармалыгына жиберилди.

6. “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” муниципалдык ишканасы боюнча:

Келишимдин негизинде убактылуу пайдаланууга берилген “Дүң кант” базарынан 2023-жыл ичинде ижара акысы үчүн Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясынын директору Н.Исмаилов тарабынан ушул күнгө чейин ордуна коюлбаган 2822,1 миң сом акча каражатына укуктук баа берүү үчүн аудиттин материалдары КР УКМК Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы башкармалыгына жиберилди.

7. “Ош унаабекети” муниципалдык ишканасы боюнча:

4348,3 миң сомдук негизги каражаттардын баланска кириштелбегендигине, өткөрүлгөн тооруктарды тескөөдө жана өз учурунда ижара мамилелерин жүргүзүүдө жалпы 5456,0 миң сомдук ижара төлөмдөрү жергиликтүү бюджетке төгүлбөй келгендиги боюнча, тийиштүү кызматкерлердин функционалдык милдеттеринин так аткарылышына жана ижара мамилелерине укуктук баа берүү үчүн 2 материал Ош шаарынын прокуратурасына жиберилди.

Аудиттин жыйынтыгы менен:

1. Тиешелүү чараларды көрүү үчүн Ош шаарынын мэрине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош финансы башкармалыгынын башчысына, аймактык башкармалыктарынын, муниципалдык ишканаларынын башчыларына сунуштама жана жазма буйрук жөнөтүлдү.

2. Отчеттун, сунуштаманын жана жазма буйруктун көчүрмөлөрү жергиликтүү Кеңештин сессиясында кароо үчүн Ош шаардык Кеңештин төрагасына жөнөтүлдү.

3. Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан мамлекеттик имараттарды ижарага берүүдө, ижара келишимдеринин аткарылышына тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөгөн себептүү жалпы 836,3 миң сом бюджеттик жоготууга жол берген Муниципалдык менчик башкармалыгынын тийиштүү кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо боюнча Ош шаарынын мэрине сунуш жиберилди.

4. “Ош шаарынын С.Супаналиев 99/1 дарегиндеги А.С.Суюнбаев атындагы стадиондун трибунасын чатырын куруу” обьектиси боюнча “Универсал Компани ЛТД” ЖЧКсы тарабынан аткарылган иштерге түзүлгөн “Кабыл алуу актыларына” кошулган 3262,7 миң сомдук, ошондой эле “Ош шаарынын Р.Моминова көчөсүнүн №152 дарегине курулуп жаткан 120 орундуу балдар бакчасына откана, балдар ойноочу аянтча, ажаткана, саркынды суу, таза суу, электр тармактарын , айланасын тосуу, 250 кВА КГТП, өрткө каршы калкан жана жашылдандыруу” обьектиси боюнча “СК Оомат” ЖЧКсы тарабынан аткарылган иштерге түзүлгөн “Кабыл алуу актыларына” кошулган 1720,9 миң сомдук бирдиктүү салыктардын негиздүүлүгүн тактоо үчүн аудиттин материалдары КР Салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгына жиберилди.