Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

16-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчетун угуп, жактырды.

Жыйында аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Таалайбек Сарыбашов Эсептөө палатасынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары жана жалпы ишмердүүлүгү боюнча маселелерди тактады. Ал эми депутат Камила Талиева Баткен облусунун айыл өкмөттөрүндө аныкталган каржылык мыйзам бузууларга кызыгып, айыл өкмөт кызматкерлерине тиешелүү окутууларды өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Муну менен катар эл өкүлү каржыны башкарууда санариптештирүү маселелерин көтөрдү.

Ошондой эле депутат Акылбек Түмөнбаев социалдык объекттердин курулушунун сапатына көзөмөл жүргүзүү тартиби тууралуу сөз кылса, депутаттар Бекмурза Эргешов, Надира Нарматова, Айсаракан Абдибаева жана Талайбек Масабиров көзөмөл жана аудиттик иштердин мөөнөтү, тартиби, мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, каржылык бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу маселелерине байланышкан суроолорду узатышты.

Депутат Эльвира Сурабалдиева Эсептөө палатасы менен укук коргоо органдарынын кызматташуусуна токтолуп, Эсептөө палатасынын отчетунда болгону 6 кылмыш иши сот органдарына өткөрүлгөнүн айтты. Өз кезегинде депутат Айбек Алтынбеков отчетто каржылык мыйзам бузуулардын так фактылары, жооптуу адамдардын ысымдары жана мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү көрсөтүлүшү керек экенин баса белгиледи.

2025-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумда бир катар маанилүү маселелер каралды.

Отурумдун жүрүшүндө Эсептөө палатасынын Нарын жана Ысык-Көл областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Алтынбек Усупов жана Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Нурланбек Жолдошов мамлекеттик кызматчы катары расмий түрдө ант беришти.

Мындан тышкары, Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан 2024-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча жылдык отчеттор угулуп, тиешелүү маалыматтар берилди. Атап айтканда, Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары, Ош шаары, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча отчеттор каралды. Бул маселелер боюнча Токтогул Шаменов, Адамбек Туркбаев жана Азим Кожомуратов маалымат беришти.

Ошондой эле, 2024-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жалпы ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчетту сапаттуу даярдоо максатында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары талкууланды. Бул багытта Улан Нармамбетов жана Айбек Ибраев өз баяндамаларын сунушташты.

Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппарат кызматкерлери үчүн улуу “Манас” эпосу тууралуу кеңири мазмундуу лекция уюштурулду. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 ПЖ “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын жана 2025-жылдын 11-февралында кабыл алынган “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында өткөрүлүүдө.

Лекциянын негизги максаты – кызматкерлерге кыргыз элинин улуттук иденттүүлүгүнүн, тарыхый эс тутумунун жана руханий дүйнөсүнүн өзөгүн түзгөн “Манас” эпосунун терең маанисин жана заманбап коомдогу ордун таанытуу болду.

Иш-чарада “Манас” эпосунун тарыхы, анын үчилтиги — “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” чыгармаларынын мазмуну, тарбиялык мааниси жана руханий баалуулугу кеңири баяндалды. Ошондой эле, эпостун кылымдарды карыткан табиятын, оозеки салт аркылуу муундан муунга өтүп, бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой келе жаткан өзгөчө көркөм феномен экендиги баса белгиленди.

Лекциядан кийин иш-чара суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар эпоско байланыштуу кызыккан суроолоруна жооп алып, баарлашууга активдүү катышышты. Иш-чарага катышкан кызматкерлер “Манас” эпосу аркылуу улуттук аң-сезимди чыңдоо, тарыхты терең түшүнүү жана руханий дүйнөнү байытуу боюнча маанилүү маалыматтарды алышты.

Эпос тууралуу мындай иш-чаралар коомдо маданий мураска болгон кызыгуу менен сыймыктанууну арттырууга, жаш муундун патриоттук тарбиясына өбөлгө түзөрү шексиз. Эсептөө палатасы келечекте да улуттук баалуулуктарды жайылтуу максатындагы иш-чараларды колдоону улантат.