2023-жылдын 24-октябрында Баку шаарында, Азербайжан Республикасынын Эсептөө палатасынын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Төрагасы Алмазбек Акматов, аудиторлор Алимжан Байгазаков, Зарылбек Сатаев Азербайжандын Туруктуу Өнүгүү боюнча Улуттук Координациялык Кеңеши тарабынан уюштурулган Туруктуу өнүгүү максаттары "ТӨМ 2023 Глобалдык Саммиттин жыйынтыгы боюнча ой жүгүртүү жана ТӨМдөрдү ишке ашырууда жогорку аудит органдарынын ролу” темасында 3-диалогго катышышты.
Бул иш-чара Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн, Парламентинин, эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, ошондой эле Беларусь, Бразилия, Кувейт, Россия Федерациясы, Түркия жана Польша мамлекеттеринин Жогорку аудит жана контролдоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.
Мындан тышкары, жогорку аудит органдарынын делегациясынын жетекчилери, Азербайжан Республикасынын Парламентинин Төрагасы Сахиба Али кызы Гафарова жана Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов менен жолугушуу өткөрүлдү.
Панелдик талкуулардын жүрүшүндө Алмазбек Акматов Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууда, талдоодо жана аудитордук иш-чаралардын сапатын күчөтүүдө, методологиялык базаны өркүндөтүү, анын ишин тездетүү ролу жөнүндө, аудиттин эл аралык стандарттарына өтүү жана кызматкерлердин кесипкөйлүгүн өнүктүрүү реформалары боюнча айтып берди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Азербайжан Республикасынын Эсептөө палатасынын ортосунда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда аудит жүргүзүү боюнча маселелер жана тажрыйба алмашуу боюнча жумушчу топтун жолугушуусу болуп өттү.