2021-жыл ичинде Ноокат районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен 7047,4 миң сомдук каржылык чектен чыгуулар аныкталган.
Аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан 7047,4 миң сомдук каржылык чектен чыгуулар аныкталган, анын ичинен:
- товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпестиги 39,3 мин сом;
- каражаттарды сарптоодогу чектен чыгуулар жана кемчиликтердин жалпы суммасы 6739,4 миң сом болсо, андан эмгек акыларды негизсиз төлөөлөр 115,6 миң сом;
- акча каражатын жана материалдык баалуулуктарды негизсиз эсептен чыгаруу 403,1 миң сом,
- кызматтык сапар чыгымдарына ашыкча төлөөлөр 90,8 миң сом;
- курулуш иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуулар (кошуп жазуулар) 4444,3 миң сом;
- бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануулар 337,0 миң сом;
- дебитордук карыздарды жашыруулар жана кредитордук карыздарды көбөйтүүлөр 1439,4 миң сом;
- бюджетке кошумча эсептөөлөр 114,6 миң сом жана социалдык фонд взносторуна кошумча эсептөөлөр 127,8 миң сомду түзгөн;
Жалпы аныкталган 7047,4 миң сомдук каржы бузуулар толук ордуна коюлууга тийиш болсо, андан аудиттин жүрүшүндө 1744,3 миң сом ордуна коюлган. Ал эми ордуна коюлбаган сумма 5303,1 миң сомду түзөт. Андан сырткары 2278,0 миң сомдук бюджеттик жоготуулар жана резервдер аныкталган, анын ичинен: товардык-материалдык баалуулуктарды нормадан ашыкча сарптоолор 59,5 миң сом,эмгек акыларды төлөөдөгү чектен чыгуулар 338,6 миң сом (ашыкча штаттык бирдик), жана башка резервдер 1879,8 миң сом, анын ичинен: товардык-материалдык баалуулуктарды нормадан ашыкча сарптоолор 1373,6 миң сом (электр энергиясы жана КР СФ үчүн туум 1338,8 миң сом, күйүүчү майларды ченемден ашыкча сарптоо 39,8 миң сом) жана башка резервдер 565,7 миң сом (ижара акыны пландан жашыруу). Бюджеттик каражаттарды рационалдуу эмес пайдалануулар 85,4 миң сом, андан пландалган максатына жетпей чыгымдалган каражаттар 85,4 миң сом. Бюджеттик каржаттарды рационалдуу эмес пайдалануулар толук калыбына келтирилүүгө тийиш.
Бухгалтердик эсепти жүргүзүүдөгү жол берилген катачылыктардын эсебинен 2263,9 миң сомдук баланска алынбай калган негизги каражаттар, материалдык баалуулуктар аныкталды, анын ичинен: Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө 43,0 миң сом, Кара-Таш айыл өкмөтүндө 508,8 миң сом, Төөлөс айыл өкмөтүндө 1136,6 миң сом, “Ноокат Жылуулук” МИ 575,5 миң сом. Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү 85,4 миң сомдук рационалдуу эмес пайдаланылган каржаттар, Кулатов айыл өкмөтүндө аныкталган 1226,1 миң сомдук курулуш иштерие кошуп жазуулар, Ынтымак айыл өкмөтүндө аныкталган 319,0 миң сомдук негизсиз чыгымдарга укуктук баа берүү үчүн, материалдар Ош областтык прокуратурасына жиберилди.