Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында Аялдардын Эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү. Бул иш-чарага жетекчилик жана эмгек жамааты катышты.

Бүгүн, 2019-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Кеңештин отурумуна - төрага Улукбек Марипов, аудиторлор - Зарылбек Сатаев, Алимжан Байгазаков, Ишенбек Медетов, Акылбек Түмөнбаев, Алмасбек Султанкулов, Айжан Садыркулова жана Вадим Садовников, Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты.

Европа Биримдигинин “Социалдык коргоо секторун реформалоо боюнча келишимди ишке ашырууда техникалык жактан колдоо” долбоорунун көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлерине CIPA программасынын “Салык” жана “Укук” багыты боюнча окутуунун курсу уюштурулду жана өткөрүлдү. Окутуудан 25 адам өттү. Мурда Эсептөө палатасы тарабынан “Финансылык эсепке алуу-1”, жана “Башкаруу эсеби-1” багыттары боюнча курстар өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде жана анын ведомстволук жана түзүмдүк мекемелеринде республикалык бюджеттин, ошондой эле бюджеттик каражаттардын чыгымдар сметаларынын жана атайын эсептин кирешелер жана чыгымдар сметаларынын аткарылышына аудит жүргүздү.

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында Мекенди коргоочу күнүнө арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү. Бул иш-чарага жетекчилик жана эмгек жамааты катышты. Айымдар коллегаларын майрамы менен куттукташты.

2019-жылдын 21-февралында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Кеңештин отурумуна - төрага Улукбек Марипов, аудиторлор - Алимжан Байгазаков, Заирбек Жоошбеков, Ишенбек Медетов, Акылбек Түмөнбаев, Зарылбек Сатаев, Алмасбек Султанкулов жана Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын кызматкерлери, аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлерин техникалык окутуу аяктады. Окутуунун программасында негизги басым коррупцияга каршы саясат, кызматкерлердин этикасына жана жалпысынан Эсептөө палатасынын ишин жакшыртууга жасалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде 2016-жылга бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдаланылышына, ошондой эле Республикалык жана жергиликтүү жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фонддору тарабынан 2014-2016-жылдары жаратылышты коргоо иш-чаралары үчүн бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган:

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары., Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Кара-Көл, Майлуу-Суу, Сүлүктү жана Кызыл-Кыя шаарларынын бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы “Чыгыш электр” Ачык акционердик коомунун ишине аудиттин жыйынтыгы боюнча 2017-жылга пландык аудит жүргүздү.

КР Эсептөө палатасы тарабынан КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине жана анын ведомстволук бөлүктөрүнө 2017-жылга бюджеттик каражаттардын чыгымдар сметасынын, атайын эсептин кирешелер жана чыгымдар сметасынын аткарылышына пландык аудит, мамлекеттик инвестициялар программаларына функционалдык талдоо жана аудит жүргүзүлдү.

2019-жылдын 13-февралында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Кеңештин отурумуна - төрага Улукбек Марипов, аудиторлор - Алимжан Байгазаков, Заирбек Жоошбеков, Ишенбек Медетов, Вадим Садовников, Айжан Садыркулова, Акылбек Түмөнбаев, Зарылбек Сатаев, Алмасбек Султанкулов жана Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын кызматкерлери, аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча ишине жана бюджеттин аткарылышына 2017-жыл үчүн аудит жүргүздү.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары., Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Өзгөн, Сузак, Токтогул жана Чаткал райондорунун бюджеттик мекемелеринде жана айылдык округдарында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүлдү. Төрт райондо каржы бузуулардын жалпы суммасы 32,4 млн. сомду түзгөн.

2019-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Кеңештин отурумуна - төрага Улукбек Марипов, аудиторлор - Алимжан Байгазаков, Заирбек Жоошбеков, Ишенбек Медетов, Акылбек Түмөнбаев, Зарылбек Сатаев жана Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын кызматкерлери, аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эмгек жамаатына жаңы аудитор Зарылбек Сатаев тааныштырылды.
Эсептөө палатасы кызматкерлердин потенциалын күчөтүү жана коррупцияга каршы агартуу иштерин жүргүзөт

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош ш., Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймакттык бөлүнүшүнүн кызматкерлерине техникалык окутуу жүргүзүлдү.
Окутуунун негизги максаты аймактык бөлүнүштөрдүн кызматкерлеринин потенциалын күчөтүү, коррупцияга каршы агартуу жана жалпысынан Эсептөө палатасынын иш сапатын жакшыртуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды.
Улукбек Марипов Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы ишмердигинин алдын ала жыйынтыктары, ошондой эле 2019-жылдагы мамлекеттик жогорку аудит органынын пландары тууралуу маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясына 2016-жылга шайкештик аудит жүргүздү.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мамлекеттик менчикти башкаруу, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн жана 2017-жылга Фонддун бюджетин аткаруу ишмердигине пландык аудит жүргүзүлдү.