Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Жалал-Абад областынын Жалал-Абад шаарынын 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлдү.

Аудитке, Жалал-Абад шаардык мэриясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгы, шаардык Кеңеши, Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти, муниципалдык менчик башкармалыгы, Жалал-Абад шаардык курулуш Департаменти, Тарыхый чөлкөм таануу музейи, “Курманбек” стадиону, шаардык маданият сарайы, шаардык согуштун, куралдуу күчтөрдүн, оруктагы эмгекчилердин, укук коргоо органдардын жана эмгектин ардагерлеринин Кеңеши коомдук бирикмеси, шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципалдык ишканасы, “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борбору, шаардык мэриясынын керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти, Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгы, “Спутник” аймактык башкаруу мекемеси, Маалымат борбору, Суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо борбору жана көзөмөлдөө бөлүмү, шаардык жол башкармалыгы, “Алтын-Балалык” ден-соолугун чыңдоо борбору, “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемеси, шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү, Муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуу автобазасы, “Жалал-Абад сууканал” суу түтүктөрү-канализация чарбасынын Жалал-Абад чарбалык эсептеги башкармасы жана Ден соолукту чыңдоо комплекси камтылды.

Шайкештик аудиттин жыйынтыгында жалпысынан 44765,1 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды, анын ичинен калыбына келтирилүүгө тийиш болгон финансылык бузуулар 44523,6 миң сом, андан аудит учурунда 8415,5 миң сом (бюджетке 1738,9 миң сом жана мекемеге 6676,6 миң сом) калыбына келтирилди, калыбына келтирилбеген калдык сумма 36108,1 миң сомду түздү.

Бузуулардын классификатору боюнча:

  • Бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү боюнча, алар боюнча туумдарды жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролду жүргүзүү боюнча чаралардын көрүлбөшү 32,1 миң сом;
  • Курулуш иштеринин наркын жана /же көлөмүн жогорулатуу 44180,9 миң сом, толук калыбына келтирүүгө тийиш, андан 8168,7 миң сом калыбына келтирилди;
  • ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 77,6 миң сом;
  • Бюджетке ижара төлөмүн өз учурунда которууну камсыздоо боюнча чаралардын кабыл алынбагандыгы жана анын жоктугу 241,5 миң сом;
  • Мүлктүн жана акчалай каражаттардын (зыян келтирүү, жоготуу, уурдоо ) кем чыгуусу 11,7 миң сом;
  • Тастыктоочу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктарды жана мүлктү эсептен чыгаруу 36,0 миң сом;
  • Мүлктү пайдалануу үчүн ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүү 123,4 миң сом;
  • Эмгек акы, сапар чыгымы жана башка чыгымдарга төлөөлөргө байланыштуу бузуулар 11,0 миң сом;
  • Бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды эсепке алуу тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын сактабоо 25,0 миң сом;
  • Дебитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар 25,9 миң сом.

Аудиттин жыйынтыгы менен:

- тиешелүү чараларды көрүү үчүн Жалал-Абад шаарынын мэрине, КРнын Финансы министрлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгынын башчысына, Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин, муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаардык капиталдык курулуш Департаментинин, “Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” МИнин, “Курманбек” шаардык стадионунун, шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын, шаардык мэриясынын керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин, Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгынын, шаардык жол башкармалыгынын, “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесинин, муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуу автобазасынын жана “Жалал-Абад сууканал” суу түтүктөрү-канализация чарбасынын Жалал-Абад чарбалык эсептеги башкармасынын жетекчилерине сунуштама жана жазма буйрук жөнөтүлдү;

- отчеттун, сунуштаманын жана жазма буйруктун көчүрмөлөрү жергиликтүү Кеңештин сессиясында кароо үчүн шаардык Кеңештин төрагасына жөнөтүлдү;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди.

2025-жылдын 14-мартында КР Эсептөө палатасынын жыйыны болуп өттү. Жыйында өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртууга багытталган маанилүү маселелер каралды.

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу:
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын негизги багыттары талкууланды. Бул доктрина улуттук баалуулуктарды сактоо менен бирге, мамлекеттин өнүгүү стратегиясын бекемдөөгө жана коомдук биримдикти чыңдоого багытталган. Анын алкагында жарандык жоопкерчиликке, мамлекеттик түзүмдөрдүн ачык-айкын иш алып барышына жана улуттук демди көтөрүүгө басым жасоо сунушталды.

2024-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы жана аудиттин сапатын жогорулатуу:
Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча Парламентке даярдалып жаткан отчет боюнча маалымат угулуп, аткарылган иштер талданды. Аудиттин натыйжалуулугун арттыруу максатында иштин ачыктыгын камсыз кылуу, маалыматтарды талдоо ыкмаларын өркүндөтүү жана заманбап технологияларды колдонуу маселелери каралды. Жыйындын катышуучулары мамлекеттик каражаттарды пайдаланууну көзөмөлдөө процессин күчөтүү, аудиттин сапатын жакшыртуу жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн аракеттерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жумуш тартибин чыңдоо жана кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу:
Эсептөө палатасынын түзүмүн оптималдаштыруу, кызматтык милдеттерди так бөлүштүрүү жана жумуштун натыйжалуулугун арттыруу боюнча сунуштар айтылды. Жумуш процессин эффективдүү уюштуруу максатында ички регламенттерди жаңылоо, кызматкерлердин иш жүктөмүн туура бөлүштүрүү жана кесиптик өнүгүү үчүн кошумча окуу программаларын киргизүү пландаштырылды.

Жамааттык келишимдин долбоору жана эмгек шарттарын жакшыртуу:
Жамааттык келишимдин долбоору каралып, анын алкагында кызматкерлердин социалдык кепилдиктерин күчөтүү, эмгек шарттарын жакшыртуу жана иштөө процессин оптималдаштыруу чаралары талкууланды. 

КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов өз сөзүндө бул жыйындын маанисин белгилеп өттү:
“Бүгүн биз бир гана өткөн жылдагы иштерди талдап тим болбостон, келечекке багыт алган маанилүү кадамдарды аныктадык. "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу бизге улуттук баалуулуктарды бекемдөө менен катар мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Эсептөө палатасынын алдында турган эң негизги милдет — иштин сапатын жогорулатуу, аудит процессин заманбап деңгээлге чыгарып, коомчулукка ачык-айкын маалымат берүү. Ар бир кызматкердин жоопкерчилигин жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу менен гана биз коңулга алган максаттарыбызга жетише алабыз. Алдыда чоң иштер күтүп турат, аларды бирге аткарабыз деп ишенем.”