Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Жаңылыктар

Жогорку Кеңештин комитети Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы иши жөнүндө отчетун укту

17.06.25

16-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчетун угуп, жактырды.

Жыйында аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Таалайбек Сарыбашов Эсептөө палатасынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары жана жалпы ишмердүүлүгү боюнча маселелерди тактады. Ал эми депутат Камила Талиева Баткен облусунун айыл өкмөттөрүндө аныкталган каржылык мыйзам бузууларга кызыгып, айыл өкмөт кызматкерлерине тиешелүү окутууларды өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Муну менен катар эл өкүлү каржыны башкарууда санариптештирүү маселелерин көтөрдү.

Ошондой эле депутат Акылбек Түмөнбаев социалдык объекттердин курулушунун сапатына көзөмөл жүргүзүү тартиби тууралуу сөз кылса, депутаттар Бекмурза Эргешов, Надира Нарматова, Айсаракан Абдибаева жана Талайбек Масабиров көзөмөл жана аудиттик иштердин мөөнөтү, тартиби, мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, каржылык бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу маселелерине байланышкан суроолорду узатышты.

Депутат Эльвира Сурабалдиева Эсептөө палатасы менен укук коргоо органдарынын кызматташуусуна токтолуп, Эсептөө палатасынын отчетунда болгону 6 кылмыш иши сот органдарына өткөрүлгөнүн айтты. Өз кезегинде депутат Айбек Алтынбеков отчетто каржылык мыйзам бузуулардын так фактылары, жооптуу адамдардын ысымдары жана мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү көрсөтүлүшү керек экенин баса белгиледи.