Базар-Коргон районунун жергиликтүү бюджеттеринде курулуш-куруу иштерине байланыштуу каржы бузуулары аныкталды
2017-2018-жылдар аралыгында Базар-Коргон районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоонун, айылдык аймактардын бюджеттеринин түзүлүшүүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 883,2 миң сом каржы бузуулары аныкталды.
Аудиттин жүрүшүндө, төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:
- курулуш-куруу иштеринин көлөмүн жана баасын жогорулатуу - 459,7 миң сом;
- мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу - 207,8 миң сом;
- дебитордук карызды жашыруу жана кредитордук карыздарды жогорулатуу - миң сом;
- материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу - миң сом.
Мындан тышкары, бюджеттин резерви жана жоготуулары 1 млн. 218,3 миң сом суммасында аныкталды.
Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 865,2 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 647,1 миң сом кайтарылды.