Эсептөө палатасында жаңы кызматкерлердин ант берүү аземи өттү
13-январда Эсептөө палатасынын Кеңешинде “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин негизинде 2022-жылы мамлекеттик кызматка жаңыдан кирген кызматкерлер ант беришти.
КР ЭПнын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери иш-чарага онлайн режиминде катышты.
Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жаңы келген мамлекеттик кызматкерлерди куттуктап, Кыргызстандын Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүү үчүн биргелешип, ачык-айкын жана натыйжалуу иштөөгө үндөдү.