Эсептөө палатасынын кызматкерлери онлайн семинарга катышты
2023-жылдын 19-апрелинде Эсептөө палатасынын кызматкерлери EUROSAI жумушчу тобу тарабынан уюштурулган Маалыматтык технологиялар боюнча (ITWG) "Өзүңүздү идентификациялаңыз: Электрондук иденттүүлүккө карай татаал жол" аттуу темада онлайн семинарга катышты.
Негизги баяндамачылар жана эксперттер, ошондой эле ARABOSAI ITWG Кызматташуу өнөктөштөрү, санариптик дүйнө убакыттын өтүшү менен кеңири таралып баратканын жана аудиторлордун ишине таасир этүүчү тенденцияларды кармануу маанилүү экенин белгилешип, салыштырмалуу маалымат беришти. Андан тышкары, онлайн семинардын жүрүшүндө төмөнкү темалар каралды: eIDAS (Электрондук идентификация жана аутентификация, сервистер) иштеп чыгуу, Биримдиктин мүчө мамлекеттеринин деңгээлинде eIDASтын санариптик экосистемага тийгизген таасирин баалоо, электрондук өкмөт жана eID, санариптик идентификация жана текшерүү - Улуу Британиянын тажрыйбасын эске алып, электрондук мамлекеттик кызматтар.
Иш-чаранын катышуучулары керектүү билимге ээ болуп, электрондук башкаруу тармагындагы акыркы тенденциялар менен таанышышты.