Эсептөө палатасынын төрөгасы Алмазбек Акматов Орозо айт майрамы менен кыргызстандыктарды куттуктады
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жана жеке өзүмдүн атымдан Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Ыйык Рамазан айында кармаган орозоңуздар, окуган кураныңыздар кабыл болсун!
Быйыл берекелүү Орозо айы жаркыраган жазга туш келгендиги да жакшылыктын жышааны деп эсептейм Андыктан, жаз менен кошо жакшылыктардын үрөөнү себилип, өлкөбүз өнүгө берсин! Кармаган орозобуз кабыл болуп, баардык тилектерибиз орундалышын каалайм! Мамлекетибиз алдыга гана жылып, элибиздин эмгеги ийгиликтер менен коштолсун!
Урматтоо менен,
Алмазбек Акматов