Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

USAIDдин колдоосу менен Эсептөө палатасы мамлекеттик сатып алуулар аудити боюнча кызматкерлерге окутуу өткөрдү

2023-жылдын 25-апрелинен 27-апрелине чейин 2022-жылы мамлекеттик сатып алуулар багытында мыйзамдарга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, USAID тарабынан каржыланган Фискалдык жоопкерчилик жана туруктуу соода долбоорунун (FAST USAID) колдоосу менен КРнын Эсептөө палатасынын аудиторлоруна жана инспекторлор үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги талаптары» деген темада тренинг өткөрүлдү.

Тренер эксперт, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун тренери, FAST USAID долбоорунун мамлекеттик сатып алуулар боюнча консультанты – Абдымомунова Сайна Рыскелдиевна болду.

Тренингдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлерине мамлекеттик сатып алуулар системасындагы инновациялар, мамлекеттик сатып алууларды пландаштыруудан контракттык башкарууга чейинки этаптары, сунуштарды баалоонун түрлөрү, апелляциялык механизми, ошондой эле, “Тандоо” электрондук каталогду колдонуу тууралуу маалымат берилди.

Тренингдин катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү инновациялар боюнча актуалдуу маалыматтарды алып, талкуулашты, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар системасы боюнча өз ой-пикирлерин билдиришти. Андан тышкары мамлекеттик сатып алуулар аудитин жүргүзүүдө мамлекеттик сатып алуулардын инструменттерин жана механизмдерин колдонууну үйрөнүштү. Тренингдин практикалык бөлүгүндө кейс боюнча топтук талкуулар уюштурулду.

Жыйынтыгында катышуучулар мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарын айтышып, тренингге катышуу сертификаттарын алышты.