USAIDдин колдоосу менен КР Эсептөө палатасы мамлекеттик сатып алуулар аудити боюнча кызматкерлерге окутуу өткөрдү
2022-жылы мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы олуттуу өзгөрүүлөргө байланыштуу, 2023-жылдын 08-августан 10-августка чейин, USAID тарабынан каржыланган Фискалдык жоопкерчилик жана туруктуу соода долбоорунун (FAST USAID) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги талаптары" деген темада тренинг өткөрүлдү.
Тренер эксперт, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун тренери, FAST USAID долбоорунун мамлекеттик сатып алуулар боюнча консультанты – Абдымомунова Сайна болду.
Тренингдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлерине мамлекеттик сатып алуулар системасындагы инновациялар, мамлекеттик сатып алууларды пландаштыруудан контракттык башкарууга чейинки этаптары, сунуштарды баалоонун түрлөрү, апелляциялык механизми, ошондой эле, “Тандоо” электрондук каталогду колдонуу тууралуу маалымат берилди.
Тренингдин катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү инновациялар боюнча актуалдуу маалыматтарды алып, талкуулашты, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар системасы боюнча өз ой-пикирлерин билдиришти. Андан тышкары мамлекеттик сатып алуулар аудитин жүргүзүүдө мамлекеттик сатып алуулардын инструменттерин жана механизмдерин колдонууну үйрөнүштү. Тренингдин практикалык бөлүгүндө кейс боюнча топтук талкуулар уюштурулду.
Жыйынтыгында катышуучулар мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарын айтышып, тренингге катышуу сертификаттарын алышты.