Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы Манас районунун бюджетине жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча – 2 млн 863,1 миң сом каржы бузууларды аныктады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан, 2021-2022-жылдарга карата Талас областынын Манас районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында —2 млн 863,1 миң сом каржы бузуулар аныкталган, анын ичинен: 

• эмгек акыны негизсиз төлөөлөр — 2 474,8 миң сом;

• курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы — 370,1 миң сом;

• эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз — 18,2 миң сом.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары — 6 050,2 миң сом, анын ичинде:

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары —  6 050,2 миң сом.

Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар — 300,5 миң сом, анын ичинде:

•   ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар — 300,5 миң сом.

Манас районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине, уюмдарына жана ишканаларына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлгөн.