Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы Ноокен районунун бюджетине жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча – 8 млн 795,6 миң сом каржы бузууларды аныктады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү, Жалал-Абад областынын Ноокен районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө талдоо жана 2021- 2022-жылдарга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзгөн.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпысынан – 8 млн 795,6 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды, анын ичинен:  

  • бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун туура келбеши (киреше булагын туура эмес пландоо) – 2367,7 миң сом;
  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү жана алар боюнча туумдарды, айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча көзөмөлдөө чараларынын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 385,6 миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө же толук эмес чегерүү (салыкка, СФга кошумча эсептөөлөр) – 52,4 миң сом;
  • тиешелүү тартипте каражаттарды чегерүүнүн тартибин бузуу менен сарпталган каражаттар – 135,2 миң сом;
  • мамлекеттик органдардын бюджеттик каражаттарды чыгымдоонун эрежелерин бузуу менен кабыл алынган чечимдер –  63,6 миң сом;
  • курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу – 2437,3 миң сом;
  • эмгек акынын ченемден ашыкча төлөнүшү – 706,1 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгымдалышы –866,4 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын, акча каражаттарынын ченемден ашыкча корлору – 387,9 миң сом;
  • негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу – 506,2 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) – 13,5 миң сом;
  • тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 75,1 миң сом;
  • ижара келишимин бузуу – 343,3 миң сом;
  • эмгек акы, иш сапар чыгымына жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар, ашыкча төлөөлөр – 278,8 миң сом;
  • дебитордук карызды бухгалтердик эсепке алуудагы бузуулар – 176,5 миң сом.