КР Эсептөө палатасы Ак-Суу районунун бюджетине жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча – 76 млн 806,4 миң сом каржы бузууларды аныктады
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунда 2021-2022-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы — 76 млн 806,4 миң сомду түзгөн, анын ичинен:
- Бюджеттин долбоору менен бир эле убакта түзүлүүчү бюджеттин долбоорун жана документтерди түзүүдөгү бузуулар — 96,6 мин сом;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн жана кайтаралышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөшү —2736,2 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджеттерге которулбаган каражаттар — 197,0 миң сом;
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу — 306,0 миң сом;
- капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар — 1742,5 миң сом;
- милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган чыгымдар)— 378,9 миң сом;
- мүлктү сактоонун камсыздалбашы — 40201,0 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы бузуулар — 880,6 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы жана башка бузуулар — 460,0 миң сом;
- бюджеттик отчеттуулукту түзүү эрежелерин бузуу — 19628,1 миң сом;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар — 10179,5 миң сом;
1 (бир) мамлекеттик сатып алуулар тармагында жол-жоболук мыйзам жана 9 (тогуз) башка жол-жоболук бузуулар аныкталган.
Аудиттин материалдары Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, айылдык Кеңештин төрагаларына - Отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.