Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы Кадамжай районунун бюджетине жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча – 36 млн 128,1 миң сом каржы бузууларды аныктады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү, Баткен областынын Кадамжай районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу бюджеттик мекемелеринде, муниципалдык ишканаларында 2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттердин түзүлүшү жана анын аткарылышына, бюджеттик жана атайын каражаттардын эффективдүү пайдалануусуна шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы – 36 млн 128,1 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен:

  • бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун туура келбеши (киреше булагын туура эмес пландоо) – 211,5 миң сом;
  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, ошондой эле туумдарды жана айып пулдарды эсептөө, төлөө боюнча көзөмөлдөө чараларынын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 406,4 миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө же толук эмес чегерүү (Салыкка, СФга кошумча эсептөөлөр) – 17175,1 миң сом;
  • бюджеттик сметада көргөзүлбөгөн чыгымдар – 14,4 миң сом;
  • максатсыз чыгымдар – 25,5 миң сом;
  • казынага түшпөй пайдаланылган каражаттар – 46,6 миң сом;
  • курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу – 2455,3 миң сом;
  • товардык материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгашалары – 487,0 миң сом;
  • негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу – 4909,6 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) – 32,3 миң сом;
  • тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 9,5 миң сом;
  • ижара келишимин бузуу  – 780,0 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузууларга кирбеген бузуулар (муниципалдык жерлерди менчикке жана ижарага негизсиз берүү) – 4000,0 миң сом;
  • эмгек акы, сапар чыгымы жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар, ашыкча төлөөлөр – 311,6 миң сом;
  • негизги фондду учетко алуу боюнча ченемдик укуктардын талаптарын бузуу – 216,2 миң сом;
  • дебитордук карызды бухгалтердик эсепке алуудагы бузуулар – 868,2 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулардагы башка бузуулар – 4178,9 миң сом;

Аудиттин жыйынтыгы менен:

- тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кадамжай финансы башкармалыгынын башчысына, айыл өкмөттөрдүн жана мунуципалдык мекемелеринин башчыларына сунуштамалар жана жазма буйруктар;

- жергиликтүү Кеңештердин сессиясында кароо үчүн жергиликтүү Кеңештердин төрагаларына аудиттин отчетторунун, сунуштамаларынын жана жазма буйруктарынын көчүрмөлөрү;

- маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпылоо отчету жөнөтүлдү.

Ошондой эле, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 4-мартындагы №01-11/17 токтомунун мыйзамдуулугуна жана Кадастр мамлекеттик мекеменин Кадамжай филиалынын 2022-жылдын 6-апрелиндеги №8-02-12022-11531 коду менен катталган 4га жер участогун “Кен-Кол” чакан ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга Мамлекеттик акт берилишинин мыйзамдуулугуна укуктук баа берүү үчүн аудиттин материалдары Баткен облустук прокуратурасына жиберилди.