Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы Сузак районунун бюджетине жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча – 21 млн 596,3 миң сом каржы бузууларды аныктады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү, Жалал-Абад областынын Сузак районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу бюджеттик мекемелеринде, муниципалдык ишканаларында 2022-жылга карата шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы – 21 млн 596,3 миң сом каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен:

  • бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорунун бюджеттик мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеши – 195,3 миң сом;
  • бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорунун киреше бөлүгүнүн бюджеттик мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеши – 653,8 миң сом;
  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү – 127,9 миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө (Салык, СФга ж.б. эсептелгени) – 180,2 миң сом;
  • тиешелүү бюджетке кирешелерди которуу/чегерүү маселелери боюнча мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин шайкеш келбегендиги – 159,2 миң сом;
  • бюджеттик каражаттарды бюджеттик сметада каралбаган чыгымдарды төлөөгө пайдалануу – 10,0 миң сом;
  • резервдик фондду пайдалануунун тартибин бузуу – 686,8 миң сом;
  • казына тутумун кыйгап өтүү менен пайдаланылган каражаттар – 28,4 миң сом;
  • курулуш иштерине кошуп жазуулар – 2014,2 миң сом;
  • эмгек акынын ченемден ашыкча төлөнүшү – 2561,3 миң сом;
  • нормадан ашыкча чыгашалар, товардык-материалдык баалуулуктар –1696,4 миң сом;
  • бюджеттик мекеменин жопптуу кызматкерлеринин жоопкерчилигине берилген каражаттарга белгиленген мөөнөттө тапшырылбаган аванстык отчеттор – 5,8 миң сом;
  • эсепке алынбай калган негизги фонд – 5270,1 миң сом;
  • мүлктөрдүн жана акча каражаттарынын жетишсиздиги – 248,3 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы негизги бузууларга кирбеен бузуулар – 5000,0 миң сом;
  • бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн талаптарын бузуу менен отчет берүү – 182,5 миң сом;
  • эмгек акы, сапар чыгымы жана башка чыгымдарга төлөө – 44,4 миң сом;
  • дебитордук карызды учетко алуунун бузуулары – 2082,2 миң сом;
  • мыйзамдардын талаптарына ылайык конкурс өткөрбөстөн (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу. Мамлекеттик сатып алуулардагы башка бузуулар – 424,1 миң;
  • конкурстук сунуштарды баалоодо бузуулар – 23,2 миң;
  • башка процедуралык бузуулар – 2,2 миң сом.

Аудиттин жыйынтыгы менен тиешелүү чараларды көрүү үчүн Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысына, КРнын Финансы министрлигинин Сузак финансы башкармалыгынын башчысына, айыл өкмөттөрдүн жана мунуципалдык мекемелеринин башчыларына, Көк-Жаңгак шаарынын мэрине, шаардык Кеңештин төрагасына, КРнын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак финансы башкармалыгынын башчысына, шаардык мэриясынын алдындагы Коммуналдык менчик департаментинин жетекчисине, шаардык маданият бөлүмүнүн башчысына жана “Шар-Булак” өз алдынча чарбалык эсептеги таза суу менен камсыздоо ишканасынын жетекчисине сунуштамалар жана жазма буйруктар;

- жергиликтүү Кеңештердин сессиясында кароо үчүн жергиликтүү Кеңештердин төрагаларына аудиттин отчетторунун, сунуштамаларынын жана жазма буйруктарынын көчүрмөлөрү;

- маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпылоо отчету жөнөтүлдү.

Мындан сырткары Көк-Арт айыл өкмөтү боюнча Сузак райондук Мамлекеттик администрациясынын “Окен” дыйкан фермердик чарбасына 10га жер аянтын менчикке берүү жөнүндө” буйругунун, ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын “Окен” дыйкан фермердик чарбасына 10га жер аянтына, жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актынын берилишинин мыйзамдуулугуна укуктук баа берүү үчүн материалдар;

- Ленин айылындагы “Октябрь сорт-сыноо мамлекеттик участкасынын сугат суу скважинасын оңдоп суу чыгаруу” долбоору боюнча «АА Энерго Монтаж» ЖЧКсы тарабынан жумуштардын көлөмүн – 317,7 миң сомго негизсиз жогорулатуулар боюнча материалдар;

- Курманбек айыл өкмөтүндөгү “Кара-Чолок айылына “50 орундуу балдар бакчасын куруу” долбоору боюнча “Техно Групп” ЖЧКсы тарабынан – 966,7 миң сомдук төлөмгө негизсиз кабыл алуулар боюнча материалдар, укуктук баа берүү үчүн Жалал-Абад областынын прокуратурасына өткөрүлүп берилди.