КР Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 105 млн 999,8 миң сом каржы бузуулар аныкталды
2024-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 2022-жыл аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчету каралды.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 2022-жылга карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында, төмөндөгү каржылык тартип бузуулар аныкталды. Атап айтканда:
Аудиттин жүрүшүндө, жалпы 105 млн 999,8 миң сомго каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен:
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жасалган бузуулар – 3112,6 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 55378,4 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 9819,4 миң сом;
- эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу – 26 939,8 миң сом;
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды бузуулар - 10749,6 миң сом.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары менен Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун материалдары укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн.
Аудиттин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине – отчет, жазма буйрук, сунуш жана сунуштама жөнөтүлөт.