КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө 1 млрд 251 млн 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды
2024-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө жана Министрликтин карамагында турган мамлекеттик ишканалардын 2021-2022-жылдар аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчету каралды.
Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында төмөндөгү финансылык тартип бузуулар, аныкталды. Атап айтканда:
Аудиттин жүрүшүндө, жалпы, 1 млрд 251 млн 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды, анын ичинен:
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер 366 млн 630,3 миң сом;
- Мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер 57 млн 283,3 миң сом;
- Эсептин жана отчеттуулуктун тартибин бузуу 214 млн 824,1 миң сом;
- Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар 612 млн 670,5 миң сом;
- Ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин кагылышуусу жана процессуалдык бузулушу – 47,4 миң сом.
Аудиттин жыйынтыктары боюнча :
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине - сунуштама;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине – сунуштама жана сунуш;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине - отчет, жазма буйрук, сунуштама жана сунуш;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине - сунуштама жөнөтүлөт.
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жол мунай битумунун сатып алынышы боюнча аудиттин тиешелүү материалдарын укуктук баа берүүүчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлөт.