Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 100 млн 988,1 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды

2024-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 2022-жыл аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчету каралды.

Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында – 100 млн 988,1 миң сомдук  каржылык тартип бузуулар аныкталды, анын ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 11 млн 290,7 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 9 млн  459,8 миң сом;
  • эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу –77 млн 288,0 миң сом,
  • мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды бузуулар – 2 млн 949,6 миң сом.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине - отчёт, жазма буйрук, сунуш жана сунуштама;

- Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине – жазма буйрук;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине - 2021-2022-жылдарга лицензияны кармап калуу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн эсептөө маселеси боюнча аудиттин материалдары жөнөтүлөт.