2020-2022-жылдарга карата “Гознак” жоопкерчилиги чектелген коомунда жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктары
2024-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда, “Гознак” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишине 2020-2022-жылдар аралыгына карата шайкештик аудитинин жыйынтыктары тууралуу отчету каралды.
Аудиттин жүрүшүндө үч жыл аралыгында “Гознак” ЖЧКсы тарабынан алынган 104,1 млн сом өлчөмүндөгү пайдадан “Континент” ЖЧКсынын алдындагы кредитордук карызды жабууга 90,9 млн сом сарпталганы аныкталган.
Анын ичинен, “Континент” ЖЧКсынын алдындагы карыздын суммасын 663 288,09 АКШ долларына негизсиз жогорулатуунун натыйжасында, ушул көрсөтүлгөн “Континент” ЖЧКсына 29 008,6 миң сом негизсиз ашыкча төлөнгөн.
2022-жылдын февралында “Айыл банк” ААКсынан алынган кредиттин эсебинен, 16 млн 173,0 миң сомго сатып алынган өндүрүштүк жабдуулар азыркыга чейин пайдаланылбай келет. Ошондой эле, “Гознак” ЖЧКсы тарабынан 1 млн 287,7 миң сом пайдаланылбай келген “офсеттик басма машинасы КВА 7 G” полиграфиялык жабдуусун куроо жана ишке киргизүү жумуштарынын наркын төлөөгө сарамжалсыз пайдаланылган.
Ал эми, аудит мезгил ичинде транспорт каражатын сатуунун наркын негиздебестен, 654,6 миң сомго эсептен чыгарылган жана сатылган. Мында, сатып алуучу тарабынан сатуу наркынын 187,0 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгү гана төлөнгөн. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптары бузулгандыктан, 260,3 миң сом суммасындагы пайдадан алынуучу салыгы төлөнгөн эмес.
“Гознак” ЖЧКсы 238,7 миң АКШ доллары суммасында насыяны максатсыз пайдаланууга жол берген. Ал эми, ушул насыяга 2022-жылга чегерилген пайыз түрүндөгү чыгашалар 1500,0 миң сомду түзгөн.
“Гознак” ЖЧКсынын жетекчилеринин ижарага алынган турак эмес жайлардын аянтын көбөйтүү боюнча аракеттери, “Гознак” ЖЧКсынын чыгымдарын 588,5 миң сомго көбөйтүүгө алып келген.
Конкурстук жол-жоболорду өткөрбөстөн, жалпы суммасы 267 743 еврону түзгөн. Көпчүлүгү мурда колдонулган полиграфиялык жабдуулар чет өлкөлүк жабдуучулардан сатылып алынган.
Аудиттин жыйынтыктары боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Басма” мамлекеттик ишканасына – отчет жана сунуштама;
- “Гознак” жоопкерчилиги чектелген коомуна – отчет, жазма буйрук жана сунуштама жөнөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине төмөнкү фактылар боюнча маалымат, укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлөт:
- туулгандыгын күбөлөндүргөн жараксыз (бузулган) бланктардын ордуна кайрадан акысыз 4392,6 миң. Сом суммасында берилген бланктар боюнча;
- “Оттук Агропитомник” ЖЧКсына эсептен чыгарып жана сатылган “Ивеко” автоунаасы (мам.номер 4740 ВВ, 1997 –жылы чыгарылган) боюнча;
- төлөмдү тастыктоочу документтери жок туруп “Кагаз” ЖЧКсына накталай төлөм үчүн деп кассадан чыгышталган 1 млн 049,0 миң сом акча.