Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы Жети-Өгүз районунун бюджетине жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча – 181 млн 699,7 миң сом каржы бузууларды аныктады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан, Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунда 2021-2022-жылдар аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган каржы бузуулардын жалпы суммасы — 181 млн 699,7 миң сомду түзгөн, анын ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттин долбоорун түзүүгө жана кароого байланыштуу, классификацияланбаган башка бузуулар — 593,7 мин сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн жана кайтаралышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөшү — 5919,6 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджеттерге которулбаган каражаттар — 364,5 миң сом;
  • бюджеттен  каражаттарды алууда жана бюджеттен алынган каражаттардын ордун толтуруу жана башка бузуулар — 718,3 миң сом;
  • Кыргыз Республикасындагы бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу  —  861,8 миң сом;
  • капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар — 7146,7 миң сом;
  • милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо, бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган  чыгымдар) — 1571,8 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттин аткарылышындагы башка кемчиликтер жана бузуулар — 853,8 миң сом;
  • мүлктү сактоонун камсыздалбашы  —  81171,7 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар — 12652,7 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы жана башка бузуулар — 5658,9 миң сом;
  • бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуулар — 13027,8 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар — 51158,4 миң сом.

Мындан тышкары  18 (он сегиз) башка жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, райондук мамлекеттик администрациянын башчысына, айылдык Кеңештин төрагаларына - отчет;

аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар, сунуштар жөнөтүлгөн.